Таякеси машинага сүйрөткөн баланын энеси Бишкекке келди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Омбудсмена КРБүгүн, 2-майда, таякеси аркан менен машинага сүйрөгөн баланын энеси Бишкекке келди
Бүгүн, 2-майда, таякеси аркан менен машинага сүйрөгөн баланын энеси Бишкекке келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер энеге инисине болушуп, өз баласына психологиялык кысым көрсөтпөөнү эскертишти.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бүгүн, 2-майда, таякеси аркан менен машинага сүйрөгөн баланын энеси Бишкекке келди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 27-апрелде эртең менен милицияга "Алтын-Казык жаңы конушунда бала сабалууда" деген билдирүү түшкөн. Анда 32 жаштагы киши тестиерди BMW унаасына байлап, 20 метрге чейин сүйрөткөнү аныкталган. Шектүү катары таякеси кармалып, ал муну тарбия берүү ниетинде жасаганын айткан. Баланын апасы Россияга иштегени кетип, атасы жок экени маалым болгон.

"Баланын энесин акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев кабыл алды. Келин баласынын паспорту бар экенин, каникул башталаары менен Россияга алып кетерин айтты. Баланы кароого, окутууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таякеси унаа менен сүйрөткөн баланын учурдагы абалы айтылды
Эне уулу менен жолуга элек. Ал баласынан кабар алганы ооруканага Акыйкатчы аппаратынын тийиштүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен чогуу барат.

Адистер энеге инисине болушуп, өз баласына психологиялык кысым көрсөтпөөнү эскертишти.

Баланын апасы жогорку билимдүү, адистиги чет тил мугалими. Учурда Москва шаарында окуучуларга репетитор болуп иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0