Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев. Архив

Депутат "Уран маселесин эл көтөрүп чыккан" деген пунктту токтомдон алууну сунуштады

(жаңыланган 00:19 03.05.2019)
Төрага Дастан Жумабеков Кыргызстанда демократия бар экенин, чындап эле уран көйгөйүн биринчилерден болуп эл көтөрүп чыкканын айтты. Аны жашыруунун кажети жок экенин белгиледи.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев калктын радиациялык коопсуздугун камсыздоо боюнча токтомдо "Коомдук резонансты эске алуу менен калктын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө кооптуулукту жаратышы мүмкүн" деген пункт бар экенин, аны редакциялык түзөтүү кылып алып таштоо керек деген сунушту киргизди.

Учурда Жогорку Кеңеш "Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Өкмөттүн уран жаатындагы берген маалыматынын негизинде парламент токтом кабыл алышы керек.

Кыдыралиевдин ырасташынча, токтомдогу бул пункт Жогорку Кеңеш менен өкмөт өзүнүн башы менен оокат кылбай, бир окуянын артынан, анын кесепеттери менен гана иштеп калыптыр деген ойго алып келерин айтты.

"Эл, коомчулук көтөргөн гана маселеге реакция кылып, анан иштеп жатабыз дегендей болуп жатат. Ушундай нукка түшүп алсак, кийин анын жыйынтыгы башкача болуп калат", — деди ал.

Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков Кыргызстан демократиялуу мамлекет экенин, чындап эле уран көйгөйүн биринчилерден болуп эл көтөрүп чыкканын айтты.

"Биз демократиялык мамлекетте жашап жаткандыктан көрүп турабыз, аны коомчулук алып чыкты. Аны жашыруунун кереги жок. "Бала ыйлабаса эмчек кайда" деген кыргызда жакшы сөз бар. Коом алып чыкты, биз мыйзамдардын алкагында аларга кол сунуп, жапатырмак аны мыйзам чегинде карап жатабыз", — деди Жумабеков.

Бирок депутат Кыдыралиев мындай пункттун киргизилип калышы өкмөттүн жана парламенттин ишине шек келтирип жатканын айтты.

Төрага Жумабеков коомдо болуп жаткан көрүнүштү жашыруунун кереги жок экенин, ага өкмөт деле макул экенин кошумчалады.

Кыдыралиев бул токтомдун тарыхый мааниси чоң экенин, азыр Кыргызстан экономиканы эмес, экологияны тандап жатканын белгиледи.

"Бир эле Кытай 26 жаңы атомдук электр станциясын салып жатыптыр, дагы эки эсе көбөйтөбүз деген ниетте экен. Уранга болгон суроо талап күч болот. Силер (өкмөт – ред.) ошого даярсыңарбы, азыр экономикалык чыгымга барып, экология жагын тандап алып жатабыз. Кийин депутаттар ушундай кылып койгонсуңар дебейсиңерби?" — деп өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылды.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов андан өкүнүү болбой турганын, кенди иштетүүдө элдин пикири сөзсүз эске алынышы керектигин билдирди.

Белгилер:
казуу, уран, өкмөт, Жогорку Кеңеш, Умбеталы Кыдыралиев, Кыргызстан
Тема:
Уран казууга каршы аракеттер (33)
Тема боюнча
Кыргызстанда уран калдыктары сакталган канча жай бар экени айтылды
ЖК депутаты уран маселеси боюнча Илимдер академиясы үн катпаганын сынга алды
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты
Мешки с сахаром в магазине Реми. Торговые сети Приморья зафиксировали цены на сахар, растительное масло и макароны.

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу ала турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.