КРде уранды изилдөөгө, чалгындоого, иштетүүгө тыюу салган токтом кабыл алынды

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүКен. Архив
Кен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтомду 90 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын бардык аймагында уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган токтом кабыл алды.

Аталган токтомду 90 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок. Мындай токтом "Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" өкмөттүн маалыматын уккандан кийин кабыл алынды.

Төрага Дастан Жумабеков парламент жакшы токтом кабыл алганын, эми мындан кийин депутаттар менен өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгарын белгиледи.

"Парламент саясий чечим кабыл алдык, Кыргызстандын бардык аймагында уран иштетүүгө, чалгындоого тыюу салынат. Токтом долбоорунун негизги максаты ушул", — деди ал.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов токтомдо өкмөткө жүктөлгөн тапшырмалар кынтыксыз аткарылат деп ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0