Чуусу көп Матраимовдор. Бир туугандардын таржымакалы жана мал-мүлкү

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов
Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага-инилердин улуусу Жогорку Кеңештин депутаты, дагы бирөөсү мурдагы бажы кызматкери, үчүнчүсү 400 миңден ашуун калк жашаган районду башкарат.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. 1-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда ага-ини Матраимовдор атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук турнир өткөрүштү. Жыл сайын уюштурулган бул спорттук иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, бир катар эл өкүлдөрү, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган аткаминерлер чакырылган. Чакан футбол жана волейбол боюнча мелдеш "Исмаил Матраимов атындагы фонд" тарабынан демилгеленген. Ага парламентарий жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, иш-чарага күбө болгон төбөлдөр элдин, айрыкча, социалдык медианын каарына калды.

Sputnik Кыргызстан редакциясы ага-ини Матраимовдор жөнүндө макала даярдады. Маалыматтар ачык булактардан топтолду. Коом көзүнө көп чалдыга бербеген кишилер, андыктан, алар туурасында маалымат аз. Ал тургай канча бир тууган экени боюнча так маалымат жоктугун белгилей кетели.

Искендер Матраимов

56 жашта, эмгек чыйырын зоотехник болуп баштаган, кийин комсомолдун катарында жүргөн. 1991-2003-жылдар аралыгында Мамлекеттик мүлк тутумунда иштеген, төраганын орун басары, Түштүктөгү үч облусту тескеген территориалдык башкармалыкты жетектеген. Андан соң Мамлекеттик антимонополиялык комитетте үч жыл эмгектенген. 2006-жылдан 2015-жылга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүн башкарган. 2015-жылы КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басарлыгын аркалайт. Төрт баланын атасы. ЖМКдагы маалыматтар боюнча кезегинде партиянын Ош обкомунун идеологиялык катчысы, кийин Мамлекеттик мүлк комитетин жетектеген Санабар Бахапованын күйөө баласы. 2017-жылга карата тапшырган декларациясы боюнча депутат 747 миң сом тапкан, ошондой эле 540 миң сомго бааланган эмерек, компьютердик жана тиричилик техникасы бар. Колунда автомобили да, кыймылсыз мүлкү да жок. Жакын тууганы 2 миллион 155 миң сом тапкан, бир жарым миллион сомго бааланган имараты жана акциялары бар.

Тилекбек Матраимов

Матраимовдордун кийинкиси 2012-жылдан бери Ош облусуна караштуу Кара-Суу районун жетектейт. Бул Кыргызстандын калк эң жыш жайгашкан району, Улуттук статкомдун маалыматына таянсак, аталган аймакта 430 миң киши жашайт. Элдин саны боюнча Ош шаарынан (300 миң киши) 1,5 эсе келет. Тургундарынын саны боюнча бул район Нарын, Талас облустарын артка калтырат.

Ошондой эле Тилекбек Матраимов Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн катарында.

Декларациясына таянсак, 2017-жылы аким 1,5 миллион сом тапкан, бирок кыймылсыз мүлкү катары 10 чарчы мертлик үй гана көрсөтүлгөн. Жакын туугандарынын да кыймылсыз мүлкү жок. Аким бир жарым миллион сомго бааланган бодо мал кармайт. Автосу жок.

Исламбек Матраимов

Бывший спикер Жогорку Кенеша Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
"Райым ата..." Келдибеков Матраимовдун иш-чарасында күлкүгө калды. Видео
Исламбек Матраимов — Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси. 2018-жылы ал жана аталган мекеменин бир катар кызматкерлери "ЭККМКнын уюшулганына 25 жыл толушуна байланыштуу ак ниет жана үлгүлүү кызматы” үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган

Белгилей кетсек, Матраимов Исламбек Исмаилович "Исмаил-5 Лтд и Ко" ЖЧКсынын жетекчиси жана түптөөчүсү катары да жазылган, теңата түптөөчүсү — Русланбек Исмаилов. Ишкана кеңири колдонулчу товарлардын дүң соодасы боюнча агенттердин ишмердиги багытына адистешкен. 2011-жылы компания жабылган. Ачык булактарда ал туурасында мындан башка маалымат жок.

Русланбек Исмаилов

Матраимовдордун бул иниси боюнча маалымат өтө эле аз. Жоюлуп кеткен дагы бир “Ай-Петролиум Компани” ЖЧКсына (күйүүчү, майлоочу май, техникалык майды дүң сатуучу) Матраимова Чынара Ысмаиловна менен теңата түптөөчүлөрүнөн болгон.

Русланбек “Исмаил Матраимов атындагы фонддун” жетекчиси жана бирден-бир түптөөчүсү. Эске салсак, дал ушул фонд тарабынан Кара-Суудагы “айтылуу” турнирди өткөргөн. Ошондой эле ал спорттук ишмердик жүргүзгөн “Эрем” ЖЧКсын да негиздеген.

Дагы бир “Исмаил Ата Сервис” ЖЧКсынын (кеңири колдонулчу товарларды сатуучу агенттердин ишмердиги) жалгыз түптөөчүсү “Исмаил Матраимов атындагы фонду” болуп саналат.

Райымбек Матраимов

Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо - Sputnik Кыргызстан
Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо
Райым Миллион деген каймана аты бар мурдагы бажы кызматкери 1971-жылы 3-майда туулган. Оштогу политехникалык окуу жайды “бажы иши” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 26 жашында Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) инспекторлугунан баштаган. 2004-2005-жылдары МБКнын Түштүк башкармалыгынын ички курамы менен иштөө бөлүмүн башкарган. Андан кийинки алты жыл да ушул башкармалыкты жетектеген. 2013-2015-жылдары Ош бажыканасын жетектеп, кийин Мамлекеттик бажы кызматынын орун басарлыгына дайындалган.

2017-жылдын ноябрында ишенимден тайганы үчүн ошол убактагы премьер-министр Сапар Исаков тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын орун басарлыгынан алынган.

Былтыр апрелде Матраимов кызматтан алынышын мыйзамсыз деп табылышын жана кызматына кайра коюулушун талап кылып сотко кайрылган. 24-июлда Биринчи Май райондук соту анын арызын канааттандырган. Министрлер кабинети бул чечимге макул болбой, кайра сотко кайрылган. Бишкек шаардык соту да өкмөттү бул кишини кызматына кайра дайындоого милдеттендирген.

Жыл башында Каржы полициясы анын мүлкүн текшерүүгө киришкен, азырынча жыйынтыгы белгисиз.

2016-жылдагы декларацияга ылайык, Райым Матраимов негизги жумушунан 852 миң сом маяна алган. Бодо мал жана майда жандыктарды сатуудан 3 миллион 219 миң сом киреше көргөн. Анын жакын тууганы (ким экендиги так айтылган эмес) ошол эле жылы “башка булактардан” 1,5 миллион сом жана жарандык-укуктук, ошондой эле бөлөк келишимдерден 9 миллион 422 миң сом тапкан.

Матраимов өзү 56,7, ал эми анын тууганы 39 чарчы метрлик аянттагы батирге ээлик кылат. Ошондой эле анын тууганынын 190 чарчы метрлик коттеджи, андан тышкары, 2014-жылы чыккан Lexus GX-460 унаасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0