Эксперт: Бишкектин кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетти

© Sputnik / Михаил ДудинТурак үйлөр. Архив
Турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы кичирайондорго 50 жыл болуп калды.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкектин кичирайондорундагы айрым көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетти, мыйзамга ылайык, мындай тамдардын мөөнөтү 50 жыл. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинин архитектура жана дизайн кафедрасынын башчысы Айгүл Насирдинова урбанистика жана экология көйгөйлөрүнө арналган жарандык активисттердин жолугушуусунда айтты.

Ал кичирайондордогу көп кабаттуу үйлөргө токтолду.

"Биздеги айрым имараттардын мөөнөтү — 50 жыл. Убакыт аяктап баратат. Бул жерде кеп кичирайондордогу көп кабаттуу үйлөр тууралуу болууда. Аларды ремонт же реставрациядан өткөрүү керек. Бирок сейсмикалык өзгөчөлүктөрдү эске алсак, адистер анча жумуштун ордуна бул үйлөрдү түрттүрүп, ордуна жаңыларын салуу керек деши мүмкүн", — деди Насирдинова.

Адис борбор калаадагы алгачкы кичирайондорго 50 жыл болгонун, андагы үйлөр эскирип калганын айтты.

Бирок сөз кайсы кичирайондор тууралуу болуп жатканы такталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0