Кызы да, эркеги да ким менен жатып-турганын билбейт! Жаштар арасында жайылган ВИЧ

© AFP / Joseph BARRAKПригороды Бейрута
Пригороды Бейрута - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан он жыл мурда жыныстык катнаш аркылуу ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын саны жалпы бейтаптардын 28 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө бул 62 пайызга жетти. Илдет жаштар арасында көбөйүүдө деп коңгуроо какты адис.

Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, аталган дарттын учурдагы статистикасы, илдетти аныктоонун жаңы ыкмалары жана жугуу жолдору тууралуу кенен айтып берди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова
Кызы да, эркеги да ким менен жатып-турганын билбейт! Жаштар арасында жайылган ВИЧ - Sputnik Кыргызстан
Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова

— ВИЧке кабылгандардын жалпы саны канчага жетти? Бул оору менен күрөшүүдө кандай аракеттер жүрүп жатат?

— 1996-жылдан баштап 2019-жылдын апрель айына чейин ВИЧке кабылгандардын жалпы саны 9010ду түздү, анын ичинен 1952си каза тапты. Жалпысынан 658 бала ушул илдет менен катталса, анын 386сына дарт ооруканада жуккан. Бул оору менен күрөшүүгө мамлекеттен тышкары эл аралык жана бейөкмөт уюмдар дагы жардам берип келет. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу ооруну эрте аныктоо ыкмаларын биринчилерден болуп киргизип келебиз. 2015-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында 2030-жылга чейин ВИЧке чалдыккандардын санын кескин азайтуу аракеттери боюнча резолюция кабыл алынган. Аны ишке ашыруу үчүн бизге "90, 90 жана 90 пайыз" планы коюлган. Бул ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдү 90 пайыз аныктоо, 90 пайыз дарылоо, үчүнчүсү 90 пайыз дарылоонун натыйжасын текшерип, вирустун өлчөмүн нөлгө чейин азайтуу болуп эсептелинет.

— ВИЧти аныктоо жолдорунда кандай өзгөрүүлөр бар?

АИВ (ВИЧ) илдети КРде таралышынын абалы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ВИЧ кандайча жайылат — инфографика
— Мурда адамдын канын алып оорусун тастыктагыча эки ай өтүп кетчү. Азыр ашып кетсе бир-эки жумага созулат. 2012-жылы бейөкмөт уюмдардын жардамы менен шилекейден аныктоо ыкмасын киргизгенбиз. Ал жарым саат ичинде жыйынтыгын берет. Экинчиден, үй-бүлөлүк дарыгерлердин командасы биригип иштеп жатат. Ал жакта ак халатчандардан тышкары бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү жана ооруну алып жүргөндөр иш алып барат. ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн кош бойлуулардан төрөлгөн балдарды мурда бирге чыкканда текшерчү элек, азыр төрт сааттын ичинде наристенин согончогунан канын алып аныктайбыз. Быйылкы жылдан тарта өзүн-өзү тестирлөө ыкмасын киргизгени жатабыз. Алгач Ош менен Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдардын базасында эркек менен жыныстык катнашка барган эркектерди текшеребиз. Ошонун жыйынтыгы менен дарыканалардан тесттерди саттыра баштайбыз. Боюна бүткөндүгүн же кант диабетин текшергендей эле ВИЧти да бейтап өзү текшерүүгө мүмкүнчүлүк алат. Тестти дарыканалардан алгыдай кылабыз. Аларды сатыкка коёрдон мурда колдонуу жана жыйынтыгына жараша кандай кадамдарга барышы керек экендиги тууралуу элге маалымат беребиз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧокморова: быйылкы жылдан тарта өзүн-өзү тестирлөө ыкмасын киргизгени жатабыз. Башкача айтканда, боюна бүткөндүгүн же кант диабетин текшергендей эле ВИЧти да бейтап өзү текшерүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Кызы да, эркеги да ким менен жатып-турганын билбейт! Жаштар арасында жайылган ВИЧ - Sputnik Кыргызстан
Чокморова: быйылкы жылдан тарта өзүн-өзү тестирлөө ыкмасын киргизгени жатабыз. Башкача айтканда, боюна бүткөндүгүн же кант диабетин текшергендей эле ВИЧти да бейтап өзү текшерүүгө мүмкүнчүлүк алат.

— Айрымдар ВИЧ менен СПИДдин айырмасын чаташтырып жүрүшөт.

— Вирустун аталышы — ВИЧ же адамдын иммундук дефицит вирусу. Ал эми СПИД - оорунун акыркы стадиясы, көп оорулардын белгилеринин биригиши дегенди билдирет.

Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билип туруп ымыркайына ВИЧ жугузган... Дарыгердин агынан жарылган маеги
Оорунун козгогучу вирус болуп эсептелинет. Негизи эле вирус аттуунун дарысы жок экендигин билесиздер. Вирус адамдын организмине киргенден кийин иммунитет чыгарган клеткаларды талкалайт. Ал соо клеткага жабышып, ичине кирип, беш мүнөттө беш миңге жакын баласын чыгарат. Элестетиңиз, бир эле вирус клеткасынан! Вирус сырткы чөйрөдө туруксуз. Ал 56 градус ысыкта жарым сааттын ичинде өлөт. Эгер медициналык каражаттар болсо, вирусту дароо өлтүрөт. Кинотеатрдан же парктын отургучунан шприц аркылуу жукту, бананга сайып коюптур деп жүрүшөт, андай жолдор менен ВИЧ жукпайт. Кыргызстанда андай учур каттала элек.

Бул ооруга кабылган адамдын иммунитети алсыз болгондуктан бардык ооруларга туруксуз болуп калат. Мурда-кийинки оорулары козголот. Алгачкы белгилеринде дене табы көтөрүлөт, ичи өтүп, бездери чоңоёт. Бирок вирустун кыймыл-аракетин азайта турган дарылар бар. Алардын жардамы менен вирустардын саны ылдыйлап, иммунитет көтөрүлөт.

— Учурда олуттуу деген илдеттерди дарылоо кымбат жана кыйын. ВИЧ менен күрөшүү канча турат?

— СПИДдин дары-дармектери Кыргызстанда бекер. Анализ чыгаруу дагы акысыз. Эл аралык уюмдар бизге жардам берип турат. Бирок 2-3 жылдан бери алардын дагы каржылоосу кыскарды. Мамлекет дагы чоң жардам берүүдө. 2016-жылдан тарта жыл сайын 20 миллион сомдон бөлөт. Мурда 3 миллион сом берилип, ал майда-барат медициналык керектелүүчү материалга эле жумшалчу. Азыр лабораториялар реактивдер менен толук камсыздалган. Ошондой эле Глобалдык фонд дары каражаттарын бекер берет. Бир дагы оорулуу дарыканага каттабайт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Чокморова: мындан он жыл мурда жыныстык катнаш аркылуу ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын саны жалпы бейтаптардын 28 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө бул 62 пайызга жетти
Кызы да, эркеги да ким менен жатып-турганын билбейт! Жаштар арасында жайылган ВИЧ - Sputnik Кыргызстан
Чокморова: мындан он жыл мурда жыныстык катнаш аркылуу ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын саны жалпы бейтаптардын 28 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө бул 62 пайызга жетти

— Учурда ВИЧтин жугуу жолдорунун кайсынысы сап башына чыкты?

— ВИЧке кабылуунун үч жолу бар деп айтып келебиз. Ийне сайынган баңгилер арасында, жыныстык жол менен жана үчүнчүсү - энеден балага жугуу жолу болуп жатат. Салыштырмалуу айтсак, 2008-жылы жыныстык жол менен дарт жуктургандардын саны 28 пайыз эле. Ал кезде ийне аркылуу жуктуруу 53 пайыз болчу. Учурда, тескерисинче, 61 пайызы жыныстык катнаш менен жуктурса, ал эми ийне аркылуу ооругандар 28 пайыз болуп калды. Эмнеге? Азыр профилактикалык программалар көбүрөөк жүргүзүлүп жатат. Баңгилер ийне ордуна метадонду кабыл алышат. Метадондо баңги каражаттарын ичишет. Ошондуктан баңгилер арасында жугуу жолу азая баштады.

Оорукананын коридорундагы кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
Тилекке каршы, жаштар арасында жыныстык жол аркылуу ВИЧти жугузуп алгандар көбөйүүдө. Алардын жаш курактары 20-25тен 39-40 жашка чейин. Туш келди жыныстык катнашка барышат, презерватив колдонушпайт, ден соолуктарына кайдыгер... Биз бейтаптар арасында иликтөө жүргүзүп, ким менен жыныстык катнашка барганын сурайбыз. Кызы да, эркеги да ким менен жатып-турганын билбейт! Санын да, атын да билишпейт. Дартка кабылгандардын 65 пайызын эркектер, 35 пайызын аялдар түзөт. Эркектер аялдарга жугузган учур көбүрөөк. Бул нерсе бизди абдан кооптондурат.

— ВИЧ жыныстык жол аркылуу жугарын баса белгиледик. Бул ооруну алып жүргөндөрдө үй-бүлө куруу кооптуу болсо керек, себеби балага жугушу мүмкүн деп сестенишет...

— ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн энеден төрөлгөн балага илдет өткөн учур өтө аз. Себеби алар каттоодо турганда дары ичип, иммунитетин көтөрүшөт. Бири ВИЧ менен ооруп, экинчиси ден соолугу чың болуп үй-бүлө кургандар көп. Ошондой эле жубайлардын экөө тең илдетти алып жүрүп балалуу болгондор бар. Дары ичкенде баласына ВИЧ жукпайт. Биздин учурдагы эң чоң жетишкендигибиз ушул. Бала тондогу сууну жутуп алганда же энесинин сүтү аркылуу жуктуруп алышы мүмкүн. Ошондуктан аялдарга операция жолу менен көз жарып, көп эмизбөөнү сунушташат. Бейтаптар мурда бир гана Республикалык СПИД борборунда дарыланчу. Азыр аймактарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору иш алып барып жатат. Адистерибиз жетиштүү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековҮмүткан Чокморова: жылына бир жолу ВИЧке жана гепатиттин түрлөрүнө текшерилип коюу керек. Балдар, кары-картаңдар, кош бойлуулар, калктын аялуу катмары үчүн бекер. Калгандар ашып кетсе 163 сом төлөйт.
Кызы да, эркеги да ким менен жатып-турганын билбейт! Жаштар арасында жайылган ВИЧ - Sputnik Кыргызстан
Үмүткан Чокморова: жылына бир жолу ВИЧке жана гепатиттин түрлөрүнө текшерилип коюу керек. Балдар, кары-картаңдар, кош бойлуулар, калктын аялуу катмары үчүн бекер. Калгандар ашып кетсе 163 сом төлөйт.

— Коомдо оорулууларга карата мамиле өзгөрдүбү?

— Албетте, өзгөрдү. Мурда СПИДди "чума экен" деп коркушчу. Азыр илдетке кабылган адам эл менен аралашып иштей алат, тамактанат, мончого барат, мындан оору жугуп калбайт. Ошентсе дагы бейтаптар арасында коомчулуктан корунган жана дискриминацияга кабылган учурлар бар.

Похоронные церемонии жертв смертельной стрельбы в Монреале - Sputnik Кыргызстан
ВИЧ болгон баланын энеси: уулумду угуп кудалар кызыма салган сөйкөсүн чечип кетишти
Ар бир адам өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү болуусу керек. Кадыресе нерселерге көңүл буруңуз. Тиш дарыгеринин аспаптарынан, салондогу тырмак, каш жасаган, чач кырккан буюмдардан жугушу мүмкүн (эгер оорулуунун бир жери канап кетсе) деп айтышат. Андай жерлерге барганда адистерге сылык кайрылып: "Менин көзүмчө колдоно турчу каражатты ачыңыз, дыкат жууп-тазаланды беле?"- деп сураңыз. Туш келди жыныстык катнашка барбаңыз. Оору эркектин жана аялдын жыныстык суюктугунан жуккандыктан, эң жакшысы презерватив алып жүрүңүз. Жылына бир жолу ВИЧке жана гепатиттин түрлөрүнө текшерилип коюу керек. Балдар, кары-картаңдар, кош бойлуулар, калктын аялуу катмары үчүн бекер. Калгандар ашып кетсе 163 сом төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0