Абылгазиев Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн артыкчылыгын айтты

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда жарандык коом абдан активдүү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстанда бийлик элдин макулдугу жок эч кандай чечим кабыл албай турганын премьер Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык активисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Өкмөт башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда жарандык коом абдан активдүү экенин белгиледи.

"Башка мамлекетте бардыгын президент менен премьер-министр чечет. Мисалы, бул жерге үй салынат дей алат. Бизде андай нерсе ишке ашпайт. Биз элдин үнүн укмайынча эч нерсе жасай албайбыз", — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы уран чуусу коомчулукта катуу талкууга алынгандан кийин Жогорку Кеңеш уранды изилдөө, чалгындоо жана казуу иштерине тыюу сала турган токтом кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0