Абылгазиев: Бишкектин башкы планы жок, каякка эмне куруларын эч ким билбейт

© Фото / Михаил ДудинБишкек с высоты птичьего полета — Рабочий городок
Бишкек с высоты птичьего полета — Рабочий городок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев курулушка уруксат берердин алдында парк жана сейилдей турчу жерлерди эске алуу керектигин кошумчалады.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаары катардагы тургундар үчүн ыңгайсыз экенин жарандык активисттер менен болгон жолугушууда айтты.

Эксперттердин бири Кыргызстандын шаарларынын башкы планын иштеп чыгууну сунуштады.

"Бишкектин башкы план жок. Буга чейин мен бул коррупциялык ыкма экенин айткам. Кайсы жерге эмне куруларын эч ким билбейт. Жашоочулар үчүн курулбайт, неберең менен кайда сейилдешти да билбейсиң. Эптеп эле үй куруп, батирлерди сатып, кайта жаңы жер тилкелерин издей баштайт", — деди премьер.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн артыкчылыгын айтты
Ал ошондой эле курулушка уруксат берердин алдында парк жана сейилдей турчу жерлерди эске алуу керектигин кошумчалады.

"Бизде эмне бар? Үч жыл мурда жол салып, жөө кишилер баса турчу жерин унутуп койдук. Мына, биздин мамиле ушундай. Катардагы киши үчүн эмес, бардыгы техника үчүн", — деп ачууланды премьер.

Өкмөт башчы Советтер Союзу учурунда кайсы объект кайсы жерге түшөрү күн мурунтан белгилүү болуп келгенин эске салды.

"Азыр кайсы жерге эмне деген курулуш түшөрүн бир Кудай менен документке кол коюп жаткан киши билет", — деди ал.

Абылгазиев шаар биринчи кезекте жашоочулар үчүн ыңгайлуу болушу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0