Акжол Махмудов Германиядагы операциядан кийин Кыргызстанга келди. Сүрөт

© Фото / Facebook / United World WrestlingБорец греко-римского стиля Акжол Махмудов
Борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан чет мамлекетте операция болуп, бир айдан бери ден соолугун чыңдап жаткан.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Азия чемпиону Акжол Махмудов Германияда жасалган операциядан кийин Кыргызстанга кайтып келгендигин Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Акжол Махмудов🇰🇬 (@akjol_mahmudov)

Эске сала кетсек, ушул жылдын март айынын башында Махмудов футбол учурунда бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германиянын Кёльн шаарына барган. Ал жакта операция ийгиликтүү жасалган. Көп өтпөй ден соолугун калыбына келтирип жатканын, ал тургай балдакты таштап машыгууга киришкенин кабарлаган.

"Үйдө болгон жакшы, жанымда жүргөн адамдар дем-күч берет. Алгач балдакты таштагам, эми жабдыктардан баш тартып жатам. Баарыңарга рахмат", — деп жазган Махмудов.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги
Спортчу жүктөгөн сүрөттөн машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедовду, спортчу менен иштешкен кийим компаниясынын жетекчисин жана башка адамдарды көрүүгө болот.

Акжол Махмудов — өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси. Жаштар арасында дүйнө чемпиону. Бириккен күрөш уюму (UWW) 2018-жылдын мыкты кармашы деп Махмудовдун ыкмаларын атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0