Улгайган киши. Архивдик сүрөт

50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты

5092
(жаңыланган 12:17 04.05.2019)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жалгыз уулунан ажырап, арманда жүргөн атанын каты жарыяланды.

...Менин башыма түшкөн тагдырды эч кимге каалабас элем. Өзүм атамдын жападан жалгыз уулумун. 30 жыл мурда классташ кызга үйлөнгөм. Экөөбүз ушул күнгө чейин бирге түтүн булатып, эки кыз, бир уулдуу болдук. Балам Бишкекте университетте окучу. Былтыркы жайда каникулга келип, достору менен көлгө түшкөнү кеткен. Кечке жуук коңшулар чогулуп үйгө кирип келишти. Дароо жүрөгүм "шуу" дей түштү, суук кабар алып келгенин сездим. Бирок анын ушунчалык азаптуу, армандуу болорун билген эмесмин. Көрсө балам көлдөн кайтып келе жатканда унаасы жолдон чыгып кетип, бакты сүзүптүр. Ичиндеги эки жигит аман калып, балам менен дагы бирөө ошол жерден мүрт кетиптир.

"Эмнеге менин жалгыз уулум, тукумубуздун жалгыз үмүтү?!" деп тагдырга, кудайга наалат айтып жүрдүм. Энеси эртели-кеч ыйлап алат, бирок тагдырына баш ийгенсип жоошуй түшүп, "кел, абышка, чай ичели" деп көр оокатка алаксып кетет. Эркек киши анте албайт экен да, өзүмдү кармайм. Аялым куурап калбасын деп ага кайраттуу көрүнгүм келет. Болбой эле мал тейлегени чыкканда ат сарайдын артына барып үнүмдү чыгарбай өксүп алам.

Ошентип жүрүп жакында эле оюма бир нерсе "кылт" этти. Ал идеяма өзүм жаш балача сүйүнүп, жүрөгүмдө үмүт пайда болду. Бизге бала керек окшойт. Бирок кайдан? Аялым экөөбүз тең 52 жаштабыз, ал азыр терөй албаса керек. Багып алалы дейин десем, каны бөлөк да. Тукумубуз ушуну менен үзүлүп калабы деп жүрөк ооруйт.

Төрөп бере турган башка аял тапсамбы деген дагы ой кетти, бирок аялымды кантип кыям? Турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болуп калган кыздарымдын, куда-сөөктүн бетин кантип карайм?

Саадат Сыдыкова, психолог:

— Абдан өкүнүчтүү иш болуптур, каттын авторуна сабыр тилейм.

Илимий жактан алганда, адам өзүмчүл келет, өз баласы ага күзгү сыяктуу. Айрымдарга айтканым түшүнүксүз сезилиши мүмкүн. Бирок бала кишиге бул жашоодо өзүн улай турган зат катары маанилүү. Качан андан айрылганда өзүн жоготуп алгандай сезим жаралып, азап тартат.

Адис катары айтаарым, кайрылган адам "аялым төрөй албайт" деп өз алдынча бүтүм чыгарардан мурда келинчеги экөө медиктерге кайрылып көрүшсүн. Азыр дүйнө жүзү боюнча жашоо сапаты жакшырып, аял кишинин төрөт курагы дагы узарган. Жашы 50дөн өткөндөн кийин деле аман-эсен төрөп алган энелер көп. Андыктан, аялынын тагдырын өзү чечип, дагы бир ирет эне болуу бактысын уурдабашы керек.

Экинчиден, бүгүнкүдөй медицина жетишкен заманда карын эне кызматын колдонуп балалуу болсо болот. Бул жерде аялы менен ажырашып, башка келинге баш кошуунун зарылдыгы жок. Эң алгач бул үй-бүлөгө ушундай кеңеш берем. Эгер бул аракеттер жыйынтык бербесе, андан соң гана ойлонсо болот.

Адам катары айтаарым, окурмандын эки кызы бар экен. Мусулманчылыкта кыз тукум улоочу катары жакшы кабыл алынбаганы менен таптакыр баласыз калдым деп айтууга болбойт. Анткени ошол кыздарда, алардын балдарында таятасынын каны бар.

5092
Белгилер:
бала, ата, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу (151)
Абага көтөрүлүп жаткан учак. Архив

Оштон Казакстан менен Россияга кетчү каттамдардын тизмеси

3
(жаңыланган 11:57 15.06.2021)
Учурда "Ош" эл аралык аэропортунан Казакстан менен Россияга чартердик каттамдар учуп жатат. Мындан сырткары, ички каттамдар да иштөөдө.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы Ош шаарынан кайсы мамлекеттерге учуп кетсе болорун айтып, каттамдардын тизмесин жарыялады.

Маалым болгондой, учурда "Ош" эл аралык аэропортунан Казакстан менен Россияга чартердик каттамдар каттап жатат.

Казакстан

  • Ош — Алматы — Ош каттамы боюнча "Эйр Астана" компаниясы жумасына бир ирет (жекшемби) каттоодо;
  • Ош — Алматы — Ош каттамы боюнча TEZ JET авиакомпаниясы жумасына жети жолу учуп жатат;
  • Ош — Алматы — Ош каттамы боюнча Avia Traffic Company авиакомпаниясы жумасына үч ирет (шаршемби, ишемби, жекшемби) абага көтөрүлүүдө;
  • Ош — Шымкент — Ош багыты боюнча TEZ JET авиакомпаниясы жумасына төрт ирет (дүйшөмбү, бейшемби, ишемби, жекшемби) каттоодо;
  • Ош — Шымкент — Ош каттамы боюнча Avia Traffic Company жумасына жети күн учуп жатат.
  • Россия
  • Москва — Ош — Москва (Шереметьево) каттамы боюнча "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учактары күн сайын учуп жатат;
  • Москва — Ош — Москва (Домодедово) каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына эки ирет (ишемби жана жекшемби) каттоодо;
  • Москва — Ош — Москва (Домодедово) каттамы боюнча "Урал аба жолдору" компаниясы жумасына үч ирет (дүйшөмбү, шаршемби жана жума) учуп жатат;
  • Раменское — Ош — Раменское (Жуковский) каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына 3 жолу (шаршемби, бейшемби, жума) учуп жатат;
  • Красноярск — Ош — Красноярск каттамы боюнча "Азимут" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби) учуп жатат;
  • Красноярск — Ош — Красноярск каттамы боюнча "Икар (Pegas Fly)" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби) учуп жатат;
  • Красноярск — Ош — Красноярск каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби) учуп жатат;
  • Красноярск — Ош — Красноярск каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби) учуп жатат;
  • Красноярск — Ош — Красноярск каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби) учуп жатат;
  • Красноярск — Ош — Красноярск каттамы боюнча Nordstar Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (бейшемби) учуп жатат;
  • Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону каттамы боюнча "Азимут" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жекшемби) учуп жатат;
  • Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жума) учуп жатат;
  • Кемерово — Ош — Кемерово каттамы боюнча "Икар (Pegas Fly)" авиакомпаниясы жумасына жолу (дүйшөмбү) учуп жатат;
  • Кемерово — Ош — Кемерово каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби) учуп жатат;
  • Санкт-Петербург — Ош — Санкт-Петербург каттамы боюнча Rossiya Airlines авиакомпаниясы жумасына эки жолу (бейшемби, жекшемби) учуп жатат;
  • Санкт-Петербург — Ош — Санкт-Петербург каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына эки жолу (шаршемби, бейшемби) учуп жатат;
  • Санкт-Петербург — Ош — Санкт-Петербург каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби) учуп жатат;
  • Нижний Новгород — Ош — Нижний Новгород каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жекшемби) учуп жатат;
  • Нижний Новгород — Ош — Нижний Новгород каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жума) учуп жатат;
  • Уфа — Ош — Уфа каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жума) учуп жатат;
  • Уфа — Ош — Уфа каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби) учуп жатат;
  • Уфа — Ош — Уфа каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (дүйшөмбү) учуп жатат;
  • Минеральные воды — Ош — Минеральные воды каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби) учуп жатат;
  • Минеральные воды — Ош — Минеральные воды каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби) учуп жатат;
  • Пермь — Ош — Пермь каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби) учуп жатат;
  • Пермь — Ош — Пермь каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби) учуп жатат;
  • Тюмень — Ош — Тюмень каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби учуп жатат;
  • Астрахань — Ош — Астрахань каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (бейшемби) учуп жатат;
  • Астрахань — Ош — Астрахань каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби) учуп жатат;
  • Оренбург — Ош — Оренбург каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби) учуп жатат;
  • Краснодар — Ош — Краснодар каттамы боюнча NordWind Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жума) учуп жатат;
  • Краснодар — Ош — Краснодар каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына 1 жолу (жекшемби) учуп жатат;
  • Новосибирск — Ош — Новосибирск каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына үч жолу (шаршемби, бейшемби, ишемби) учуп жатат;
  • Иркутск — Ош — Иркутск каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби) учуп жатат;
  • Самара — Ош — Самара каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жума) учуп жатат;
  • Самара — Ош — Самара каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби) учуп жатат;
  • Владивосток — Ош — Владивосток каттамы боюнча S7 Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби) учуп жатат;
  • Воронеж — Ош — Воронеж каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби) учуп жатат;
  • Казань — Ош — Казань каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жекшемби) учуп жатат;
  • Адлер — Ош — Адлер каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (бейшемби) учуп жатат;
  • Нижневартовск — Ош — Нижневартовск каттамы боюнча "Урал аба жолдору"авиакомпаниясы жумасына бир жолу (дүйшөмбү) учуп жатат;
  • Екатеринбург — Ош — Екатеринбург каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (дүйшөмбү) учуп жатат;
  • Белгород — Ош — Белгород каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (дүйшөмбү) учуп жатат;
  • Челябинск — Ош — Челябинск каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жекшемби) учуп жатат;
  • Липецк — Ош — Липецк каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (дүйшөмбү) учуп жатат;
  • Калуга — Ош — Калуга каттамы боюнча "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби) учуп жатат;

Ички каттамдар:

  • Бишкек — Ош — Бишкек каттамы боюнча TEZ JET авиакомпаниясы жумасына 26 жолу ташууда (күн сайын 3-4 каттам);
  • Бишкек — Ош — Бишкек каттамы боюнча Avia Trafic Company авиакомпаниясы жумасына жети жолу абага көтөрүлүп жатат (күн сайын);
  • Бишкек — Ош — Бишкек каттамы боюнча "Эйр Манас" авиакомпаниясы жумасына 15 жолу учуп жатат (күн сайын 1-2 каттам).
3
Белгилер:
тизме, каттам, учак, Казакстан, Россия, Ош
Тема боюнча
Бишкектен кайсы өлкөлөргө түз учуп кетсе болот. Авиакаттамдардын тизмеси
Тез жардам кызматкери. Архив

514 кишиден вирус табылып, алты бейтап каза болду. COVID статистикасы

20
(жаңыланган 11:45 15.06.2021)
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 514 кишиден катталып, 367 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 234;
  • Ош шаары – 110;
  • Чүй облусу – 80;
  • Ош облусу – 34;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 17.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 188;
  • Ош шаары – 40;
  • Чүй облусу – 62;
  • Ош облусу – 22;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 20:
  • Баткен облусу – 3.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:

  • Бишкек шаары – 3;
  • Чүй облусу – 3;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Талас облусу - 1.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирден киши Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 905 адамдын өмүрүн алды.

Стационарларда 2 052 адам дарыланып жатат. Алардын 563ү оор абалда болсо, 100 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

20
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Марипов: COVID-19 жайылууда, мурдагыдай каатчылыкка жол бербеш керек
Министр Бейшеналиев түнкү клубдар менен соода борборлорду жабууну сунуштады
Жалал-Абаддагы COVID: облустук оорукана толуп, күндүзгү стационарлар ачылмай болду