Окумуштуулар оор илдет өрчүп жатканын кандай белгилерден билсе болорун айтышты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер адамдын кулагы бүтүп калса, бул бейтаптын гормоналдык фону өзгөрүп, кан басымы көтөрүлүп, холестериндин жогорулашынан кабар берет.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Адамдын угуусу начарлап, кулагы ооруса Альцгеймер, рак же инсультка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Адистердин пикиринде, эгер адамдын кулагы бүтүп калса, бул бейтаптын гормоналдык фону өзгөрүп, кан басымы көтөрүлүп, холестериндин жогорулашынан кабар берет.

Шашлык. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Шишкебектин ден соолукка пайдалуу жактары айтылды
Бир кулагы укпай калса, кулактын ичиндеги шишик чоңоюп жатат деген белги. Бирок бул белгилер көпчүлүк учурда анча оор эмес илдеттерге байланыштуу жана аны терапиялык жол менен чечсе болот.

Мындан сырткары, угуу органынан ным кулкундун чыгышы көкүрөк рагы өрчүп жаткандыгынын белгиси. Ал оору ABCC11 генинин мутациясынан пайда болот.

Ал эми менопауза пайда болгондо аял кишинин кулагы ысыйт. Кулактын учунда бырыштардын пайда болуусу жүрөк ооруларынан кабар берет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0