Жээнбеков соопчулук иштерин жасоого чакырды

Жазылуу
Быйыл Орозо 6-майда башталды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчы ата-бабалардан бери келе жаткан Орозонун маани-маӊызы бийик экенин айтып, бул ай ыймандуулуктун, жан дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы экенин белгиледи.

"Орозо айында муктаж адамдарга көңүл буруп, садага берип, достук жана бир туугандык мамилелерибизди бекемдеп, пейилибизди оңдоп, соопчулук иштерин жасайлы. Аруу тилек, асыл максаттар менен күткөн ыйык Орозо айы ар бир үй-бүлөгө жакшылык жана бакубатчылык, куттуу кыргыз жергесине береке алып келсин", — деди Жээнбеков.

Быйыл Орозо 6-майда башталды.

Ооз ачуу жана ооз бекитүү убактыларын Орозо календарынан караңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0