Шереметьеводо өрттөнгөн учак. Жээнбеков Путинге көңүл айтты

Жазылуу
5-майда болгон авиакырсыктан акыркы маалыматтар боюнча 41 киши каза болгон.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Шереметьево аэропортундагы авиакырсыкка байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

5-майда болгон авиакырсыктан акыркы маалыматтар боюнча 41 киши каза болгон.

"Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтуу менен бардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсүн кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Пожар в самолете летевшего рейсом Москва — Мурманск - Sputnik Кыргызстан
Жардамга!.. Шереметьевого өрттөнүп конгон учактын ичинен тартылган видео
Окуя 5-майда болгон. Sukhoi Superjet 100 учагы Москвадан Мурманскиге учуп, абага көтөрүлгөндөн кийин 28 мүнөттөн соң Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болгон. Учак аба ырайынын катаалдыгынан улам экинчи жолку аракетинде гана коно алган. Жерге конуп жатканда кыймылдаткычтары иштебей калып, күйүп кеткен.

Мурманск облусунун жетекчилиги тарабынан аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Облустун каза болгон тургундарынын жакындары миллион рублден компенсация алат. Ал эми ооруканага жеткирилгендерге 500 миң рублден берилет.

Учактын ичиндеги 78 жүргүнчүнүн 37си гана аман калган. Алардын 33ү жүргүнчү болсо, төртөө экипаждын мүчөсү.

Тирүү калгандардын тизмесин "Аэрофлот" өз сайтына жарыялады.

Алты киши ооруканага жаткырылып, үчөө оор абалда экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0