"Түндүкэлектр" Бишкектеги 7 миңге жакын абоненттин жарыгын өчүрөт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЭлектр эсептегичи. Архив
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тургундардын карызы 12,8 миллион сомду түздү.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 800 абоненттин жарыгын дистанциондук түрдө өчүрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай кадамга абоненттердин 12,8 миллион сом карызы себеп болгон.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: Кыргызстанда электр энергиясы жетпеген айылдар бар
Компания жарандарды ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү Quickpay, "АсИсНур", UMAI, Terempay, KICB, "БТА Банк" төлөм терминалдарынан, ошондой эле "Элсом", UMAI электрондук капчыктарынан, "Кыргызпочтасы", "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк" кассаларынан төлөөгө болот.

"Акылдуу" эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы төлөм толук жүргүзүлгөндөн кийин гана күйгүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0