Шам чыракта китеп окуп отурган кыз. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин айрым аймактары жарыксыз калат. Тизме

102
Электр энергиясын берүү борбор калаанын чок ортосунда, батыш бөлүгүндө жана жаңы конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Эртең, 7-майда, Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09:00-17:00 — Гоголь көчөсүндөгү №111 үй;
  • 10:00-18:00 — Алтын-Ордо конушундагы 1-8-үй;
  • 09:30-18:00 — Жибек Жолу, Куликовский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Кузнечный, Черкесский туюк көчөлөрү;
  • 15:00-17:00 — Матросов көчөсүнүн бир бөлүгү, Елецкий туюк көчөсү;
  • 15:00-16:00 — Менделеев көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 10:00-16:00 — 7-кичирайондогу №52, 52 үйлөр;
  • 09:00-15:00 — Көк-Жар конушундагы №7-11, 18, 9А үйлөрү;
  • 10:00-17:00 — Муса Жалил, Чүй, Кирпичный, Осмонкул, Древесной, Курманжан датка көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09:30-18:00 — Көлмө (Максат, Кеңеш көчөлөрү), Салам-Алик (Күнгөй, Көк-Сай көчөлөрү), Ала-Тоо (Камыр-Ата, Кызыл-Тоо көчөлөрү) конуштары;
  • 09:30-17:00 — Айдаралиев көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 09:30-17:00 — Севастополь, Айни көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Касым конушу (Салтанат, Аманат, Кубаныч көчөлөрү);
  • 09:00-17:00 — Абдрахманов көчөсүндөгү №214 үй;
  • 09:30-17:00 — Тираспольский, Сарыгулов көчөлөрүнүн бир бөлүгү.
102
Белгилер:
жарык берүү, "Түндүк Электр" ишканасы, Бишкек
Тема боюнча
Төрт күндүк дем алышта аба ырайы кандай болот
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив

Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

122
(жаңыланган 00:11 27.01.2021)
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

122
Белгилер:
Руслан Татиков, Тышкы карыз, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп
Каракол шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына берилген Toyota Land Cruiser Prado

Ысык-Көл: медиктерге берилген жолтандабас президенттин иш башкармалыгында жүрөт 

90
(жаңыланган 22:57 26.01.2021)
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.

Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.

Ал эми президенттин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын тактап берүүнү убадалашты.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.

90
Белгилер:
белек, автоунаа, Каракол
Тема боюнча
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты