Новопавловкадагы чуулуу лицейге жылына бюджеттен 48,8 млн. сом бөлүнөт

© Фото / Чынара АпиеваКомплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова в Новопокровке
Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова в Новопокровке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ушул лицейге ата-энелердин фонду 28,5 миллион сом чогултуп бергени айтылган.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ата-энелерден акча чогултуу боюнча чуу жаратып жаткан Новопавловкадагы лицейге жылына мамлекеттен 49 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова в Новопокровке - Sputnik Кыргызстан
Новопавловка мектебинин чуусу: кээ бир ата-энелер акча жыйноону колдоп чыкты
Сокулук районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейге ата-энелерден жылына 28,5 миллион сом чогултулат. Окуу жайдын жетекчилиги мамлекеттен берилген каражат толук кандуу жетпегендиктен ата-энелердин колдоосуна муктаж экенин айтып келет.

Маалыматка ылайык, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарына окуучулардын санына жараша бюджеттен каражат бөлүнөт.

Аталган лицейге 2019-жылы төмөнкүдөгүдөй сумма каралган:

  • Мугалимдердин жана башка кызматкерлердин эмгек акысына — 39 миллион 155,6 миң сом;
  • Социалдык фондго төлөмдөр — 6 миллион 754,3 миң сом;
  • Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга — 152,6 миң сом;
  • Ар кандай чыгымдар — 47,3 миң сом;
  • 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусуна — 2 миллион 120,2 миң сом;
  • Чарбалык чыгымдар — 258,3 миң сом;
  • Жалпы билим берүүчү уюмдарды оңдоодон өткөрүүгө — 340,1 миң сом.

Баарын кошуп эсептегенде 48 миллион 828,4 миң сомду түзөт.

Учительница средней школы - Sputnik Кыргызстан
"Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын кантип алууга болот? Министрликтин жобосу
Аталган лицейге Новопавловка айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылы 4,3 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражат жылуулук системасын оңдоо, спорт залды капиталдык ремонттоо, откананы оңдоо, көмүр сатып алуу жана жагылган электр энергиясына сарпталган. Ал эми 2019-жылга 4,8 миллион сом берүү каралган.

Эскерте кетсек, ата-энелердин айрым тобу лицейде ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуларына жана каражаттын сарпталышы боюнча так маалыматты ала албаганына нааразы болуп келишет. Алар фондго чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Учурда аталган лицейди прокуратура, Финпол текшерип жатат, ал эми директор Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0