Мурат Суталиновдун атасы ыйлап элге кайрылды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекский дом-интернат для престарелых
Бишкекский дом-интернат для престарелых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурат Суталинов - 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бүгүн, 7-майда, сот залынан бошотулган Мурат Суталиновдун атасы Абдыбек Суталинов чогулгандарга кайрылып, көзүнө жаш алып, колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Баарыңарга рахмат. Колдогонуңарга рахмат. Баарыңарда жакшылык болсун, эч кандай кырсык болбосун. Силерди кудай сактасын", — деди ал.

Насилие в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Сот залынан бошотулган Мурат Суталинов мындан ары эмне кыларын айтты
Эске салсак, Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. "Кыргызстандагы кылым соту" аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жаткан. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу.

Суталинов, андан сырткары, астмасы жана дагы эки илдети бар экендигин айткан. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0