Кемзир, жаван, ортак, балыш... Ошко барсаңыз бул сөздөр керек болот

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Ош. Ошская область
Город Ош. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилдин кооз, бай, уккулуктуу болушуна диалект менен говорлордун салымы чоң экендиги талашсыз. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жети дубандын "ички" тилин тизмектеп берүүнү улантат.

"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ош облусунун говоруна токтолдук. Өткөн жумаларда Баткен менен Ысык-Көл облустарынын говорун тизмектегенбиз.

Материал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тилчи, диалектолог Толгонай Сыдыкованын жардамы менен жасалды.

Чөөгүн, көрө — кумган;

Челек — чака;

Лаган — илеген, таштек, дагара;

Калит — ачкыч;

Пиала — чай чыны;

Арак самын — кол-бет жууй турган самын;

Айнек — күзгү;

Балыш — жаздык;

Жакандос — жер төшөк;

Чачык — сүлгү;

Күкүрт — ширеӊке;

Жаван — сандык;

Около, үбөлүк — үбөлүк, камыр жайган ашкана буюму;

Ликап — тарелка;

Каса — чоӊ чыны;

Кепкүр — депкир;

Кемзир, кемсал — чыптама;

Калач — галош;

Пайпак — байпак;

Кемер, камар — кайыш кур;

Оромол — жоолук;

Патинке — бут кийим;

Эгар — ээр;

Көпчүк — ээрдин үстүнө салынуучу кийизден же кездемеден жасалган кичинекей көрпөчөнүн бир түрү;

Озулдурук — ооздук;

Асал — бал;

Аш — басылган күрүч, палоо;

Оокат — тамак;

Шола, шовила — коюу күрүч;

Патыр нан — сүткө, майга жуурулуп жасалган нан;

Көш, гөш — эт;

Тукум — жумуртка;

Мака, дүмбүл — жүгөрү;

Гилас — алча;

Нак — алмурут;

Кайноолу — кара өрүк;

Коро — быша элек мөмө-жемиштер;

Майиз — мейиз;

Ака — байке;

Үка — ини;

Абже — эже;

Тага — тайке;

Ортак — дос;

Чылапчын — колго суу куйганда алдына коюлуучу идиш;

Чавли — боорсок сүзүп алуучу буюм;

Севет — тойлордо баштыктын ордуна колдонуучу буюм;

Атала — айран катыкталган жарма;

Сөөрү — тапчан;

Шише, ише — бөтөлкө.

Жаңылыктар түрмөгү
0