Кажы-Сайда уранда иштегендер айлык ала албай убара. Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСело Каджи-Сай Тонского района Иссык-Кульской области
Село Каджи-Сай Тонского района Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында рекультивациялоо иштери 2018-жылы башталган.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы уран калдыктарын рекультивациялаган жумушчулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен айлыктарын ала албай келет. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар менен ишкерлер Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Алардын айтымында, уран кенинде иштегендер бир жылдан бери маянасын толук ала албай убара. Кенде ширетүүчү болуп иштеген Жеңишбек Айткулиев акча маселесине келгенде эле ӨКМ ар кайсыны шылтоолоп жаткандыгын айтып берди.

"Кажы-Сайда иштеген карапайым эл бир жылдан бери айлык маянабызды толук ала албай жатабыз. Мен ал жерде ширетүүчү болуп эмгектенгем, 30 миң сомдон ашык акчам колго тийбей жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине "акчаны качан бересиңер" десек, "Росатом" акчаны бөлө элек" дешүүдө. Алар "тыйын министрликке бөлүнүп берилген" деп жооп узатып жатышат. Кыскасы, бири-бирине шылтап, ортодон жөнөкөй жумушчулар жабыркоодо. Мага окшоп акчасын ала албай жүргөндөр өзүбүздүн ишибизди эчак эле бүткөнбүз", — деди Айткулиев.

Аталган айылдагы уран калдыктарын рекультивациялоо ишине Ысык-Көл облусундагы ондогон айдоочу, ширетүүчү, кара жумушчулар тартылган. Жөнөкөй элеттиктерден сырткары жеке ишканалар дагы жүз миңдеген акчасын ала албай жүргөнү маалым болду. Жеке ишкер Нурлан Ибраимов өткөн жылдан бери 800 миң сому колуна тие электигин сөз кылып, мындай жагдайдын жаралышына аткаруу бийлигин күнөөлөдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев уран калдыктарын рекультивациялоо иштери тууралуу айтты
"Менин 800 миң сомдой акчам колума тие элек. Өткөн жылдын август айынан бери күтүп жатам. 5-6 айдоочу иштеген, аларга өзүмдүн чөнтөгүмөн акча берип эптеп кетирип атам. Кажы-Сайда эки оор унаамды иштеткем. Жакында бир чоң ызы-чуу чыкпаса болду, себеби мага окшогондор көп", — деди Ибраимов.

Элеттиктердин пикиринде, маңдай тери менен эмгек кылып акчасын ала албагандар ондоп саналат, алардын көпчүлүгү карапайым жумушчулар. Ошондой эле жалданган жоопкерчилиги чектелген коомдор дагы бар.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы "Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынын директору Асылбек Жусубалиев жумушчуларга бериле турчу акча Россиядан которула электигин айтты.

"Каражатты берүү жана бөлүштүрүү менен россиялык "РосРАО" ишканасы алектенет. Азыр аткарылган иштерди кабыл алуу жүрүүдө. Негизи Кажы-Сайдагы ошол жумуштарды "ЮГЭЛС" жоопкерчилиги чектелген коому жасаган. Ал ЖЧКга биз 11 миллион сомго жакын бересебиз бар. "РосРАО" ошол акчаны 30-апрелге чейин эсепке котормок, бирок алар жибере элек. Акча келсе эле жакынкы аралыкта биз алардын колуна карматабыз", — деди Жусубалиев.

Ал ортодо Жусубалиев сөз кылган "Росатомдун" алдындагы "РосРАО" ишканасынын Москвадагы кеңсеси радиациялык коопсуздук жана уран калдыктары сакталган жайлар боюнча иш алып барган мекеме Кыргызстанга которулчу акча каражаты толук кандуу берилгендигин билдиришти.

Приаргунское производственное горно-химическое объединение - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн дагы кайсы жерине уранды чалгындоого лицензия берилген? Өкмөттүн жообу
"Биз өзүбүзгө жүктөлгөн финансылык милдеттемелерди толугу менен аткардык. Андан ары ал каражат жумушчуларга жетип-жетпегенин билбейбиз. Мындай маселенин чыгып жатышынын өзү кызык. Эми өзүнүн жол-жобосу менен текшере баштайбыз", — деди ишкананын коммуникация башкармалыгынын начальниги Денис Плещенко.

Жалпы Кажы-Сай айылындагы уран калдыктарын рекультивациялоого 47 миллион сомдун айланасындагы каражат каралган. Ал жердеги жумуштарды "ЮГЭЛС" ЖЧКсы эки ай мурун толук бүтүргөн, бирок ага карабай бир нече айдан бери каржылык кыйынчылыктан чыга албай келет.

Эске сала кетсек, 2013-жылы КМШ өлкөлөрү тарабынан уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо боюнча программа ишке кирген. Анын алкагында Кыргызстан менен россиялык "Росатом" ишканасынын ортосунда макулдашууга кол коюлуп иш башталган.

Ушу тапта рекультивациялоо иштери аягына чыкты.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги маселеге тыкыр көз салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0