Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив

Кайсы оору түрмөгө отургузбайт? Илдеттердин тизмеси

4737
(жаңыланган 20:01 07.05.2019)
Гүлдана Талантбекова
Айыпталуучулардын илдеттерине карап тергөө абагынан бошотуу боюнча токтомго акыркы ирет өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-январында кол коюлган.

Бүгүн, 7-апрелде, УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов оор дартына байланыштуу эркиндикке чыкты. Эске сала кетсек, Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. "Кыргызстандагы кылым соту" аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жаткан. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. Суталинов, андан сырткары, астмасы жана дагы эки илдети бар экендигин айткан. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган болчу.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кайсы илдеттер менен тергөө абагында жаза өтөгөнгө болбой турганын билип көрдү.

ЖАМКтын сунушун Саламаттык сактоо министрлиги карап чыгат

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдиришинче, айыпталуучулардын оорусуна карап түзөтүү мекемесинде жазасын өтөй аларын же өтөй албастыгын Саламаттык сактоо министрлиги аныктап чыгат.

"ЖАМК дарыгерлери айыпталуучуну медициналык текшерүүдөн өткөрүп, ошонун негизинде Саламаттык сактоо министрлигине кат түрүндө кайрылуу жиберебиз. Алар консилиум өткөрүп, атайын комиссия түзүп, бизге түзөтүү мекемесинде жаза өтөй алат же жок деп чечим чыгарып беришет. Ошол корутундунун негизинде сот карап өз чечимин чыгарат. Мисалы, жакында эле илдетине байланыштуу бир карыя үчүн ЖАМКтын медицина башкармалыгы министрликке расмий кайрылган. Ал жактагы консилиум анын эркиндикке чыгаруу керектигин билдирген. Тилекке каршы, сот карыянын бара турган жери жоктугунан, андан карылар үйү да баш тарткандыктан түзөтүү мекемесинде калтырып койду", — деди Сабатарова.

Маалымат катчы кошумчалагандай, соңку жылдары илдетине байланыштуу түзөтүү мекемелеринен чыгарылгандардын саны онго жетпейт.

Тизмеси көп оорулар...

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы 1-январда "Кылмышка шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор илдеттердин тизмесин бекитүү" жөнүндөгү жаңы токтомго кол койгон.

Айыпталуучулардан төмөнкү оорулар аныкталса, тергөө абактарына отургузулбайт.

1. Кургак учуктун түрлөрү жана формалары:

— ички органдардын амилоидозу менен омуртка, жоон сөөктөрдүн жана муундардын күчөп кеткен кургак учугу, заара чыгаруучу жолдордун өз алдынча процесси жана терминалдык стадияда эмгекке жарамдуулугун толук жана туруксуз жоготуу менен коштолгон бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги аркылуу күчөп кеткен бөйрөктүн эки тараптуу көңдөйлүү кургак учугу;

— көп жана кеңири дарыга көнгөн дарылануунун жагымсыз бүтүшү жана III даражадагы өпкө-жүрөктүн жетишсиздиги менен коштолгон кургак учук;

2. Шишиктердин төмөнкү түрлөрү:

— Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациясы боюнча 4-клиникалык топтогу бардык залалдуу шишиктердин IV баскычы;

— дарылоодон натыйжа болбой кыймыл, сезүү жана вегетативдик-трофикалык функциялары ачык эле бузулуу менен тез өсүп бараткан көздүн жана анын алдынын, мээнин, жүлүндүн, баш сөөк-мээ нервдеринин залалдуу шишиктери.

Клиникалык диагноз гистологиялык же цитологиялык изилдөө менен ырасталат. Биопсия алуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда клиникалык-лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт жана саламаттык сактоо уюмунун адисинин кеңеши алынат.

— Лимфопролиферативдүү оорулар (күчөп кеткен стадиялары);

— миелопролиферативдүү оорулар (күчөп кеткен стадиялары);

— курч лейкоз (бардык формалары);

— оор жана өтө оор даражадагы апластикалык аз кандуулук;

— IV даражадагы оорлошуу, сөөк-муун системасынын айкын жабыркашы менен коштолгон оор даражадагы гемофилия.

Клиникалык диагноз миелограмманын, трепанобиопсиянын жана иммунофенотиптөөнүн маалыматтары боюнча саламаттык сактоо уюмунун гематологунун корутундусунун негизинде ырасталат.

3. Эндокриндик системанын ооруларынын төмөнкү түрлөрү:

— органдардын жабыркашына таасир берген (бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигинин терминалдык стадиясындагы макроангиопатия, ретинопатия, полинейропатия, нефроангиосклероз IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен, жүрөктүн ишемиялык ооруларынын оор формалары (IV функционалдык класстагы стенокардия, IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги, Fontain классификациясы боюнча IV стадиядагы же А.В.Покровскийдин классификациясы боюнча IV стадиядагы буттун артериясынын ичкериши) 1 жана 2-типтеги кант диабети;

— кескин оорлошкон Иценко-Кушинг синдрому: жиликтердин же омуртканын патологиялык сынышы, булчуңдардын атрофиясы, IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен кардиомиопатия, буту-колдун кыймылынын эки же андан көп бузулуусу менен мээдеги кан айлануунун бузулуусу;

— кахексия стадиясындагы гипофизардык жетишсиздик (Симмондс оорусу);

— IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги, тиретоксиялык жүрөк менен оорлошкон диффуздук уулуу богок (оор агымы).

4. Оорулууга өзүнүн кыймыл-аракеттерин же аларды башкаруунун анык мүнөзүн жана коомдук коркунучун сезүүгө мүмкүндүк бербеген туруктуу оор же улам күчөп туруучу ооруксунткан көрүнүштөр менен коштолгон (өнөкөт психоз жана кем акылдык) өнөкөт жана создуккан психикалык бузулуулар.

5. Нерв системасынын жана сезүү органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү:

— мээнин инсульту жана инфаркты, мээнин жабыркашы туруктуу ачык байкалган цереброваскулярдык оорулар (геми-, параплегиялар, терең геми-парапарездер, мейкиндикте жана убакытта багыттын бузулушу, акинеттик-ригиддик синдром);

— туруктуу бузулуу функциялары менен жүлүндүн инфаркты (сезгичтиктин жайылган бузулуусу, жамбаш органдарынын функцияларынын бузулуусу менен коштолгон шал оорулары);

— аныкталган диагноздо алгачкы (жаракатсыз) субарахноидалдык жана мээ ичине кан куюлуулар;

— кыймылдын бир топ көрүнгөн жана кескин көрүнгөн бузулуулары менен коштолгон баш сөөк, мээ жаракаттары;

— кыймылдын бир топ жана кескин көрүнгөн бузулуулары менен коштолгон жүлүндүн жаракаттары;

— четки нерв системасынын (кыймылдын бир топ жана кескин көрүнгөн бузулуулары менен коштолгон ийин чатышынын, бел-куймулчак чатышынын, жамбаш сөөктүн) жаракаттары;

— кыймыл-аракеттин одоно бузулуусу менен коштолгон мээнин спастикалык шал оорусу;

ИИМ 2014-жылы унаасы жарылып каза тапкан спортчу Руслан Абасовдун архивдик сүрөтү
© Фото / из личного архива Айчурок Алисопиевой
— функциянын терең туруктуу бузулушу жана процесстин ылдамдаган агымы менен мээнин жана жүлүндүн органикалык жабыркашы менен коштолгон борбордук нерв системасынын инфекциялык демиелинизациялоочу оорулары (оор шал оорулары, жайылган сезгичтиктин бузулушу, жамбаш органдарынын функцияларынын бузулушу, трофикалык бузулуу менен коштолгон терең кесип алуулар; ачык байкалган акинеттик-ригиддик синдром);

— 2-3-даражадагы оордуктагы түрдүү клиникалык типтердин күчөп бараткан булчуң дистрофиялары;

— энцефалит, миелит жана энцефаломиелит;

— мээнин жана омуртканын ички абсцесси жана гранулема;

— эйросифилис;

— энөө склероз;

— диффуздук склероз;

— сиригобульбия;

— гепатоцеребралдык дистрофия (гепатолентикулярдык дегенерация; Вильсон-Коновалов оорусу);

— амиотрофикалык каптал склерозу;

— миастения;

— тез-тез кармаган тонико-клиникалык туткак, талма абалы, экинчи ирет кармаган оорлошкон парциалдык туткак менен коштолгон талма;

— эки көздүн азиздиги;

6. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

— IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен жүрөк оорулары;

— ички органдардын органикалык өзгөрүүлөрү менен коштолгон хирургиялык дарылоого болбой турган конструктивдик жүрөк кабынын сезгениши;

— кардиомегалия жана IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги бар жүрөктүн кийин пайда болгон же тубаса кемтиги;

— III-IV функционалдык класстардагы жүрөк кемчилдиги менен кардиомиопатия (реструктивдик, дилятациялык, гипертрофиялык кептелме);

— жүрөктүн ыргагынын жана өткөргүчтүгүнүн бузулушунун жашоого коркунуч туудурган формалары;

— жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу, IV функционалдык класстагы туруктуу жүрөк мыкчылуусу, инфарктан кийинки атеросклеротикалык кардиосклероз, анын ичинде өнөкөт аневризма, III - IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги, ыргагынын жана өткөргүчтүгүнүн бузулушунун жашоого коркунуч туудурган формасы менен коштолгон коронардык ангиопластика жана коронардык туташтыруу;

— курч коронардык синдром, туруксуз стенокардия, Принцметал стенокардиясы, Q-толкунсуз жана Q-толкундуу миокард инфаркты (абал жакшыргандан кийин карап текшерип көрүү);

— бүт органдарынын жабыркоо белгилери менен III даражадагы гипертониялык оорулар: жүрөктүн - III-IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен сол карынчасынын гипертрофиясы, бөйрөктүн бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы, мээнин инсульту;

— негизги кан тамырлардын жабыркашы менен коштолгон тамырлардын оорусу (гангреналык-некротика стадиядагы экиден кем эмес кол-бут);

— кан тамыр хирургунун кеңешинен кийин бүтөлгөн эндартерииттин оорлошкон формасы (Fontain классификациясы боюнча III-IV стадиядагы же А.В.Покровскийдин классификациясы боюнча III-IV стадиядагы);

— кан тамыр хирургунун кеңешинен кийин бүтөлгөн атеросклероздун оорлошкон формасы (Fontain классификациясы боюнча III-IV стадиядагы же А.В.Покровскийдин классификациясы боюнча III-IV стадиядагы);

— Рейно оорусунун (синдрому) оор жана күчөгөн формалары (кол-бут гангренасы);

— жайылган сепсис менен оорлошуп кеткен күпчөк стадиясындагы эки буттун лимфостазасы;

7. Дем алуу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

— IV стадиядагы өпкөнүн өнөкөт кептелме дарты (диффуздук пневмосклероз, өпкөнүн эмфиземасы менен коштолгон өпкөнүн өнөкөт кептелме дарты), анын ичинде декомпенсация стадиясындагы өнөкөт өпкөлүк жүрөк, III даражадагы дем алуу кемчилдиги, IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен;

— дарылоого рефрактердүү оор колко муунтмасы;

— колконун кеңейген дарты (оор формасы катары жылына 5тен ашык кабылдап туруусу, суткасына какырык 200 миллиграммдан ашык бөлүнүп чыгуусу жана оорлошкон формалары — III даражадагы дем алуу кемчилдиги менен коштолгон пневмофиброз жана компенсацияланган өпкөлүк жүрөк);

— өпкөнүн абсцесси (хирургиялык дарылоодон кийинки күбөлөндүрүү);

— өпкө кабынын эмпиемасы (хирургиялык дарылоодон кийинки күбөлөндүрүү);

— III даражадагы дем алуу кемчилдиги жана компенсацияланган стадиядагы өпкөлүк жүрөк (IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги) менен оорлошкон түрдүү этиологиядагы пневмокониоз;

— III даражадагы дем алуу кемчилдиги менен коштолгон идиопатикалык фиброздоочу альвеолит;

— саркодиоз: өпкө жагынан III даражадагы дем алуу кемчилдиги менен өпкөнүн кайталанбас фиброзу, жүрөк ыргагынын жана өткөргүчтүгүнүн бузулушунун жашоого коркунуч туудурган формалары, IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен өпкөлүк жүрөк, өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы менен оорлошкон учурундагы дарылоого рефрактердүү оор өтүшү; функционалдык жөндөмдөрдүн олуттуу жана анык бузулушу менен коштолгон башка органдардын жана системалардын катуу жабыркашы (нерв системасы, тамак сиңирүү системасы, көз органдары, сөөк-муун системасы, лимфа түйүндөрү);

—I II даражадагы дем алуу кемчилдиги менен коштолгон алгачкы эмфизема;

— дайыма респиратордук колдоону талап кылган, анык түнкү гипоксемиясы, өпкө гипертензиясы жана III-IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен декомпенсация стадиясындагы өпкөлүк жүрөк менен оорлошкон уйку учурунда оор даражадагы дем алуунун бузулушу (уйкунун кептелме демсиздик синдрому менен кошо).

8. Тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү:

— кахексия стадиясындагы сиңирүүнүн (мальабсорбция синдрому) анык бузулуу синдрому менен ичеги, уйку безинин жана ашказан оорулары;

— гиперспленизм, порталдуу гипертензия, III-IV даражадагы боор клеткаларынын кемчилдиги менен коштолгон декомпенсация стадиясындагы ("Чайлд-пью" боюнча оорлошуу классы) түрдүү этиологиядагы боордун циррозу.

9. Терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен бөйрөк оорулары.

10. Туруктуу түрдө жайылган процесс жана терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен же III стадиядагы кан айлануу кемчилдиги, же борбордук нерв системасынын туруктуу ачык жабыркашы (геми-, параплегиялар; геми-, парапарездер), же дисфагия, дизартрия менен туурасынан кеткен булчуңдардын жалпы жабыркашы менен коштолгон учурдагы сөөк-булчуң системасынын жана туташтыруучу ткандын ооруларынын төмөнкү түрлөрү:

— IV функционалдык классы менен муун кызыл жүгүрүгү;

— геморрагиялык васкулит: бөйрөктүн жабыркашы; — өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы;

— IV функционалдык классы менен сенектентүүчү спондилоартрит (Бехтерев оорусу);

- Cистемалуу канчоо: бөйрөктүн жабыркашы — өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы, борбордук нерв системасынын жабыркашы — ишемиялык инсульт (күчөгөн стадиясы), геморрагиялык инсульт (күчөгөн стадиясы), психомотордук бузулуу; туурасынан кеткен миелит; өпкөнүн жабыркашы — III даражадагы өпкө кемчилдиги; оор гемотологиялык бузулуулар. Катастрофиялык антифосфолипиддик синдром менен системалуу канчоо;

— дерматомиозит: дисфагия, дизартрия жана активдүү дарылоонун фонунда өзүн-өзү тейлөөнү жоготуу менен коштолгон туурасынан кеткен булчуңдардын жалпы жабыркашы, өпкөнүн жабыркашы — III даражадагы өпкө кемчилдиги;

— түйүндүү периартериит: бөйрөктүн жабыркашы — өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы;

— системалуу теринин катууланган даты: өпкөнүн жабыркашы — III даражадагы өпкө кемчилдиги, бөйрөктүн жабыркашы — өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы, жүрөктүн жабыркашы — IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги, ыргактык оорлошкон бузулуусу.

11. Подагра: бөйрөк жабыркашы — өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы учурда IV функционалдык класстагы тофус формасы.

12. Анатомиялык дефект: колдун же буттун жогорку ампутациясы, ошондой эле колдун жана бир буттун жогорку ампутацияларынын айкалышы.

4737
Белгилер:
оору, кылмышкер, айыпталуучу, ЖАМК
Тема боюнча
Мурат Суталиновдун атасы ыйлап элге кайрылды. Видео
Мурат Суталинов бошотулду