"Өлбөс полк" учурунда Сооронбай Жээнбековду тартууга тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" акциясында. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Өлбөс полк акциясында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер асманга дрон көтөрүлө турган болсо, атып түшүрүлөт.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте өтө турган "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жаткан кезде сүрөткө, видеого тартууга болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, асманга дронду көтөрүүгө да болбойт.

"Президент Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" акциясынан кеткенден кийин гана сүрөт, видеого тартууга жол берилет. Бирок дронго тыюу салынды, эгер асманга көтөрүлө турган болсо, атып түшүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Бардык ЖМКларга президенттин видео, сүрөт материалдары жиберилери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0