Шествие Бессмертного полка в 2019 году в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда "Өлбөс полктун" жүрүшү кандай өттү. Тексттик трансляция

Жазылуу
Бишкектеги жүрүштүн катышуучулары Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 09:00дө чогулушту.

Ал эми саат 10:00дө Абдрахманов көчөсү, андан ары Фрунзе менен басып, "Жеңиш" аянтына барышты.

Жүрүшкө чыккандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып, милиция кызматкерлери көз салып турат.

Жеңиш майрамы Кыргызстандын булуң-бурчтарында дагы кызуу белгиленди.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
16:03 09.05.2019

Ат-Башы районунун борборунда да Жеңиш майрамына арналган иш-чара өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты.

16:01 09.05.2019
15:53 09.05.2019

Улуу Жеңиш майрамына согуштун ардагерлери жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова баштаган жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты. Алар Баткен шаарындагы “Белгисиз жоокердин” эстелигине гүл чамбар коюшту. Андан соң согушта курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.
Андан ары согуш ардагерлери отурган автоунаалар, жетекчилер, “Өлбөс полк” жүрүшү менен кошо борбордук стадионго барышты.
Жеңиш майрамынын салтанаттуу бөлүгүндө ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров согуштун жана ооруктун ардагерлерин Жеңиш майрамдары менен куттуктап, мекен үчүн жасаган эрдиктери үчүн таазим этип, узак жана бакубат жашоо каалады. Ал эми облус калкына тынчтык, ынтымак жана биримдик тиледи.
Улуу Жеңиш майрамынын урматына шаар тургундарына аскердик парад, согуш учурунан сахналаштырылган көрүнүштөр жана мектеп окуучулары, маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программалар тартууланды.
Бул күнү ардагерлер жоокердик тамак аштардан да даам татышты.
Улуу Ата мекендик согушка Баткен облусунан 20 766 эр азамат аттанган болсо, алардын 14 213 кайтпай калган. Ал эми 6 553ү мекенге кайтып келишкен. Учурда алардын 19унун гана көзү тирүү.

Празднование 74-летия Победы в ВОВ в Баткене - Sputnik Кыргызстан
14:50 09.05.2019

 Ош шаарында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган майрамдык салтанат «Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталды.
Парад алдында Ошто жашаган ардагерлерди шаардын борбордук көчөлөрүнөн сейрек кездешүүчү унаалар менен ташып, автожүрүш өттү.
Майрамдык иш-чара учурунда бий топтору, окуучулар менен студенттер Жеңиш вальсын бийлешти. Оркестрдин коштоосу менен "Өлбөс полктун" колоннасы өтүп, анда 700гө чукул адам Улуу Ата мекендик согушта фашисттер менен кармашкан аталарынын, чоң аталарынын сүрөттөрүн алып өтүштү.
Борбордук көчөдө ардагерлер алдында аскер кызматкерлери, студенттер жана окуучулар салтанаттуу параддан өтүштү.
Ал эми Токтогул атындагы паркта ардагерлер үчүн талаа ашканасы уюштурулуп, жоокер боткосу таратылды.
Ош шаардык аскер комиссариатынын маалыматы боюнча Жеңиштин 74 жылдыгын 7 ардагер майрамдады. Алардын көбү учурда 90 жаштан ашкан.
7 ардаргердин ар бирине Ош шаардык мэриясынын атынын 10 миң сомдон акчалай белек берилди. Мындан сырткары оруктун 19 ардагерине да майрамдын урматына белек тапшырылды.

Празднование 74-летия Победы в ВОВ в Оше - Sputnik Кыргызстан
14:36 09.05.2019

Бүгүн Каракол шаарында 9-май Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара борбордук көчөдө расмий өкүлдөрдүн жана шаар тургундарынын “Өлбөс полк” акциясы менен башталды.
Жүрүштөгүлөр “Жеӊиш” эс алуу багына чейин барып, согушта курман болгон жоокерлерге арналган “Түбөлүк отко” гүл чамбар коюшту.
Митинг-реквиемде курман болгондорго арналып куран окулуп, аскердик залп берилди.
Салтанаттуу иш-чаранын расмий бөлүгүн Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов ачып, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Улуу Ата мекендик согуштун Ленинград блокадасынын катышуучусу, ардагер – Людмила Воронцова, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы, полковник Руслан Закиров куттуктоо сөздөрүн айтып, ардагерлерге ыраазычылыгын билдиришти.
Бул күнү Жеңиштин 74 жылдыгына арналган театралдаштырылган аскердик-патриоттук ырлардын концерти болуп, "Талаа кухнясы" (фронттук каша) ардаргерлер үчүн аскердик түштөнүү уюштурулду.
Азыр облуста бардыгы болуп 41 миңден ашык ардагер болсо, анын 35и гана согуштун ардагери. Алардын ичинен 29у кандуу согуш талаасын кечип аман кайтып келгендер болсо, бирөө концлагердин жаш туткуну, төртөө Ленинград блокадасынын катышуучусу жана курман болгон жоокердин 1 үй-бүлөсү калган. Мындан сырткары, учурда 230 ооруктун катышуучулары бар.

Празднование 74-летия Победы в ВОВ в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
13:04 09.05.2019

Жүрүшкө чыккандар Жеңиш аянтына келип, "Өчпөс отко" гүл койгондон кийин тарап кетишти.

13:03 09.05.2019
13:01 09.05.2019

Жеңиш майрамына карата уюштурулган иш-чарага төрага Дастан Жумабеков да катышты.

11:48 09.05.2019
11:40 09.05.2019

"Өлбөс полк" жүрүшүнө чыккандар көчөгө батпай... Биздин фотограф Табылды Кадырбековдун тарткан сүрөттөрүнө көз салып коюңуз.

 

11:24 09.05.2019

Ош шаарында дагы Жеңиш майрамы белгиленүүдө. T-Media порталы түз эфир алып барууда.

11:17 09.05.2019
11:16 09.05.2019
10:40 09.05.2019
10:31 09.05.2019

Жеңиш аянтындагы өчпөс отко президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку соттун судьясы Гүлбара Калиева, генштабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев жана калаа башчысы Азиз Суракматов гүл коюшту

10:30 09.05.2019
View this post on Instagram

Кесиптештер менен.

A post shared by Asyl Appasova (@asylappasova) on

10:29 09.05.2019
View this post on Instagram

С Праздником вас!!!

A post shared by @ urmazkg on

10:29 09.05.2019
View this post on Instagram

Помним Гордимся Чтим

A post shared by Madina Ozturk (@madina_ozturk) on

10:23 09.05.2019
10:18 09.05.2019

Бишкектеги "Өлбөс полктун" жүрүшүнөн сүрөттөр.

10:12 09.05.2019

"Өлбөс полктун" жүрүшүнө чыккандарды асмандан дрон дагы тартып жатат.

10:11 09.05.2019
10:10 09.05.2019

Жөө жүрүшкө миңдеген киши чыкты. Алар Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянты көздөй келе жатышат.

10:06 09.05.2019

Экс-президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү "Өлбөс полктун" жүрүшүнө чыкты. Экс-президент колуна атасы Шаршен Атамбаевдин портретин көтөрүп алган.

Экс-президент КР Алмазбек Атамбаев на шествии Бессмертный полк - Sputnik Кыргызстан
10:02 09.05.2019

"Өлбөс полк" жүрүшү башталды. Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы катышууда. Президент колуна чоң атасы Жээнбек Пирназаров портретин көтөрүп алган.

09:51 09.05.2019
09:50 09.05.2019
09:47 09.05.2019

Урматтуу кыргызстандыктар бардыгыңыздарды Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктайбы.

Эч ким, эч качан унутулбайт!

Жаңылыктар түрмөгү
0