Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Тенти Тамашаев

92 жашында Кызыл аянттан баскан ардагер Тамашаев: фронтко эки жолу бардым

1085
(жаңыланган 15:37 09.05.2019)
Улуу Ата мекендик согушка катышкан Ысык-Көлдөгү 30 ардагердин арасындагы Тамашаев алардын бир тобунан улуу.

Түп районунун Талды-Суу айылынын 98 жаштагы тургуну Тенти Тамашаевдин таалайына Улуу Ата мекендик согушка эки жолу аттанууну буюрган экен. Биринчисинде 1941-жылы декабрда Пржевальск шаарындагы Педагогикалык училищени аяктары менен барып, 1942-жылы ноябрь айында жарадар болуп кайткан. Алты ай госпиталда дарыланган жоокер кичи мекени Талды-Сууда балдак менен жүрүп, балдарга билим берүү менен алектенген.

"Көөчү айылындагы 7 жылдык мектепте директор болчумун. Бир күнү Аскер комиссариатынан келип, "кийимиңди кий" деди, кийиндим. Киши жетпей жатканбы, билбейм, шашылыш эле Чкалов шаарындагы кавалериялык училищеге жиберишти. Ал жерде офицерликке даярдашты. Окууну аяктаган соң 150-дивизияга туш келдим. Командир болчумун, фронтто көп жерде болдум. Согуштун бетин ары кылсын. Башыбыздан нелер гана өткөн жок", — деп эскерди ал күндөрдү ардагер.

Ветеран ВОВ Тенти Тамашаев в молодости
© Sputnik
Тамашаев: Согуштун бетин ары кылсын. Башыбыздан нелер гана өткөн жок

Ал 1945-жылы Берлиндеги Рейхстагды алган батальондун курамында болуп, үч күн Рейхстагда түнөп, жеңиштин туусун саюу аземинин күбөсү болгон. Ошол жерден Жуковду көргөнүн айтат.

Беш жыл өмүрүн мекенин коргоого арнаган жоокер Иосиф Сталиндин, Георгий Жуковдун ыраазычылык каттарын алган. Улуу Ата мекендик согуштун I жана II даражадагы ордени, "Ардак белгиси" ордени жана көптөгөн медалдардын, сыйлыктардын ээси.

Каарман согуш аяктагандан тартып Түп райкомунда, Пржевальск шааркомунда, Ысык-Көл обкомунда партиялык кызматтарда эмгектенген. Райондук аткаруу комитетинде төрага, колхоздо башкарма болуп, Түп райондук гезитте иштеп, 1984-жылы ардактуу эс алууга чыгат. 6 баланын атасы, 17 небере, 30дай чөбөрө жана кыбыраларды көргөн. Байбичеси мындан алты жыл мурун өтүп кеткен. Жеңиш күнү жакындаганда бул үй-бүлөдө той болот, ал бир нече күнгө созулат. Атага белек-бечкектер берилет.

Ветеран ВОВ Тенти Тамашаев с детьми и внуками
© Sputnik
Ардагердин 6 баласы, 17 небереси, 30дай чөбөрөсү бар

Ардагер Улуу Жеңиштин 65, 70 жылдыгына карата Москвада уюшулган тарыхый параддарга катышып, Россия президенти Владимир Путинден сый-урмат көрүп кайткан. Уулу Артур Тентиев атасынын тиштери түшкөнүнө аз эле болгонун, көрүүсү да, угуусу да жакшы экенин айтып берди.

"92 жашында Москвага парадга катышууга бара жатканда ал жактан уюштуруучулар улам бизге телефон чалып, кандай дары ичерин, эмне тамакты жакшы көрөрүн сурап жатышты. Биз "атабыз дары ичпейт, тамакты тандабай жейт" десек, таң калышты. Учактан түшкөнүбүздө коляска даярдап келишиптир. Атам ага отурбай, машинага чейин өзү эле шайдоот басып барып, бизди тосуп алууга келгендерди таң калтырды", — дейт баласы.

Ардагер Жеңиштен кийин айылына кайтып келгенин мындайча эскерди.

"Мен Түпкө келсем, айылдаштарым эки араба менен чөп ташып баратыптыр. Учурашып, кучакташып, арабанын бирине отурдум. Бир маалда жолдон атамды иниси менен көрдүм. Алар мени тосуп алганы жолго чыгышыптыр. Андагы кубанычты, сагынычты сүрөттөп бере албайм. Үйдөн энем ыйлап кучагыма боюн таштады... Согуштан кийин тамак-аш жетишпеген жашоону көрдүк. Ачкыл жарма менен гана тамактанган күн болгон. Азыр жакшы жашоодо жашайбыз", — деди Тамашаев.

Ветеран ВОВ Тенти Тамашаев с детьми и внуками
© Sputnik
Ардагер Улуу Жеңиштин 65, 70 жылдыгына карата Москвада уюшулган тарыхый параддарга катышып, Россия президенти Владимир Путинден сый-урмат көрүп кайткан

Ал атасынын сүрөтүн чөнтөгүнөн алып чыгып, акырын көрсөтүп койду. "Бул сүрөт дайыма чөнтөгүмдө жашайт. Балдар бул жоругумду көп жактырышпайт. Жактырбаганына караймынбы, ал менин атам да",- дейт ардагер...

1085
Белгилер:
кремль, жарадар, фронт, ардагер, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө (24)
Тема боюнча
"Катюшаны" немистер да жакшы көрчү. Ырдын жаралышы жана гимнге айланышы
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

40
(жаңыланган 14:24 20.10.2020)
Буга чейин социалдык тармактарда Матраимов фамилиясын өзгөртүп алды делген паспорттун сүрөттөрү жарыяланган.

Маалымат толукталууда

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы расмий түрдө билдирди.

Фото паспорта, в котором Райым Матраимов якобы поменял фамилию
фото распространяемое в мессенджерах
Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган
“Матраимов Р. Ы. аттуу жаран аты-жөнүн өзгөртүүнү сурап кайрылган. Фамилиясын алмаштыруу процедурасы КР мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлгөн. Ал аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алгандан кийин е ID паспортун алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборуна кайрылган. Бирок аталган жаранга документ берүүгө тыюу салуу боюнча чечим бар болгондуктан, ага берүүдөн баш тартышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Мамкаттоо укук коргоо органдары тарабынын жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунан жогоруда аталган паспорт алынганын белгилейт.

40
Белгилер:
фамилия, паспорт, Райымбек Матраимов
Тема боюнча
Райым Матраимовдун кармалышы. Белгилүү болгон маалыматтар
Райым Матраимов кармалды

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Түз эфир

27
(жаңыланган 14:22 20.10.2020)
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

27
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды
Бишкек мэри Азиз Суракматов. Архив

Азиз Суракматов мэрлик кызматтан эмнеге кеткенин түшүндүрдү

113
(жаңыланган 14:21 20.10.2020)
Азиз Суракматов мындан ары анын милдетин аткара турган Нариман Түлеев мыкты иш алып барарына ишенерин билдирди.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов шаар башчылык кызматтан кеткенин журналисттерге берген маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал мэр болуп турган кезинде 100 гектар жерди мамлекетке кайтарганын, скверлер, парктар көбөйгөнүн жана жолдор салынып, оңдолгонун билдирди.

Ал ошондой эле парламенттик шайлоого катышканы жаткандыктан мэрлик кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди.

113
Белгилер:
мэр, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Түз эфир
Жогорку сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовдун ишине чекит койду