Ардагерлерге сый-урмат көрсөтөлү! Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на шествии "Бессмертного полка" в Бишкеке посвященный 74-летию Победы в Великой Отечественной войне
Президент КР Сооронбай Жээнбеков на шествии Бессмертного полка в Бишкеке посвященный 74-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өлкө аймагында бир катар ири иш-чаралар өтүүдө.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы бүгүн, 9-майда, Бишкекте Улуу Ата мекендик согуштун 74 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышып, кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.

"Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыздын жолу биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз. Бүгүн совет жоокеринин рухунун бекемдигин, чыныгы патриоттуулукту жана элдин биримдигин даӊазалаган улуу майрам. Өткөн согуштун алааматы тарыхтын энчисине өтүп, ошол жылдарда калды. Ал эми аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө жашап келет жана сезимибизде түбөлүк сакталат. Аталардын эрдиги менен сыймыктануу, алардын элесине таазим этүү жана урмат көрсөтүү муундан муунга өтүп урпактарга жетет", — деди өз сөзүндө Жээнбеков.

Ошондой эле ал согуш ардагерлеринин саны жылдан жылга азайып жаткандыгын айтып, аларга сый-урмат көрсөтүп, камкордук кылууну баса белгиледи.

Бүгүн аталган датага байланыштуу өлкө аймагында бир катар ири иш-чаралар өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0