Путин: Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге бекем ден соолук каалайм

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ башчысы Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге ыраазычылык сөзүн айтып, аларга бекем ден соолук каалады.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады.

Россиянын президенти Улуу Ата мекендик согуштун 74 жылдыгына арналган куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, ардагерлерге ыраазычылык билдирген.

"Жеңиш үчүн фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен күрөшкөн биздин ата-бабаларыбызды жана тылда жанын аябай эмгектенгендерди биз чексиз ыраазычылык менен эскеребиз. Согуштагы сыноо күндөрдө чыңдалган достук, өз ара жардамдашуу каада-салты мындан ары да өнүгөт деп ишенем", — деп жазылган телеграммада.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге бекем ден соолук каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0