Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги

© Sputnik / Досхан НусупбековАлып баруучу Зуля Тургунбекова
Алып баруучу Зуля Тургунбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зуля Тургунбекова жаш алып баруучулардын бири. Алгач НБТ, "5-канал" телекомпанияларында көңүл ачуучу программаларды алып барса, учурда СТВ каналында дикторлукту аркалап жаткан кези.

Тургунбекова алып баруучулук кесип менен гана чектелбестен, жакында эле келиндер арасындагы "Миссис Кыргызстан" сулуулар сынагына катышып, "Акылман айым" номинациясына ээ болгон. Ал жолдошу менен эки баланы тарбиялап жаткан учуру.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Зуля Тургунбекова менен маектешти.

— Алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— 28 жаштамын. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айылында туулгам. Сегиз бир туугандын кичүүсүмүн, үч эжем, төрт байкем бар. Ата-энем пенсия курагындагы адамдар. Турмушка чыккам, эки уулдун энесимин.

© Sputnik / Досхан НусупбековЗуля Тургунбекова жаш алып баруучулардын бири. Алгач НБТ, "5-канал" телекомпанияларында көңүл ачуучу программаларды алып барса, учурда СТВ каналында дикторлукту аркалап жаткан кези.
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Зуля Тургунбекова жаш алып баруучулардын бири. Алгач НБТ, "5-канал" телекомпанияларында көңүл ачуучу программаларды алып барса, учурда СТВ каналында дикторлукту аркалап жаткан кези.

— Журналистикага кантип келип калдыңыз?

— Кичинекей кезимде эле телевизордон дикторлордун сүйлөп жатканына суктанып, ошолордой болгум келчү. Бир гана алып баруучу эмес, актриса, модель болууну дагы кыялданар элем. Окуучу кезде адабий чыгармаларды көп окугам. Ошол себептен үйдөгүлөр журналист бол дешти. Мектепти бүткөндө Бишкек гуманитардык университетине (БГУ) тапшырдым. Биринчи билимим боюнча экономистмин, аны бүтүп журналистикага тапшырдым. Кайсы кесипти жакшы көрсөң ошону окушуң керек экенин түшүндүм.

— Көңүл ачуучу программаларды кантип алып барып калдыңыз?

— Биринчи курста КТРКга барып Эрнис Кыязовдун жетекчилиги астында эки-үч ай тажрыйба топтодум. Көгүлтүр экранга чыгууга каалоом күч эле. Алыс жакта жашаганыма карабай күндө эртең менен эфирдин жүрүшүн өз көзүм менен көрүү үчүн келчүмүн. Кесиптештерим бул жакта иштеген мага эртелик кыларын айтып, НБТ каналына жиберишти. Ал жакка сынак аркылуу барып, музыкалык каналда алып баруучу болуп калдым.

Биздин жамаат жалаң жаштар эле. Азыркы атактуу ырчылар жаңы чыгып келе жаткан. Бардыгы менен иш алып бардык. Биз дагы жаштар арасында аз да болсо "жылдыз" болдук. Ырчылар Асель Кадырбекова менен Деля Беркиналиева жана алып баруучулар Нияз Сманбеков, Аскат Алдашев, Айпери Суранчиева менен кесиптеш, өнөктөш болдук. Бир жылдан кийин НБТдан кетип 5-каналга бардык.

© Фото / Кызгалдак АкунТургунбекова алып баруучулук кесип менен гана чектелбестен, жакында эле келиндер арасындагы "Миссис Кыргызстан" сулуулар сынагына катышып, "Акылман айым" номинациясына ээ болгон.
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Тургунбекова алып баруучулук кесип менен гана чектелбестен, жакында эле келиндер арасындагы "Миссис Кыргызстан" сулуулар сынагына катышып, "Акылман айым" номинациясына ээ болгон.

— 5-каналга эмне үчүн кетип калдыңыз?

— НБТдан өз каалоом менен эле кеттим. Ал кезде иш менен жүрүп окууга көңүл бурбай калгам. Анан университетти жөндөп, ырларымды китеп кылып чыгарайын деген ойлор болду. Бирок чыгынганым менен китеп деле чыгара алган жокмун. Ошол убакта 5-канал жаңы ачылып, эртең мененки берүүнү алып барган киши керек болуп жатыптыр. Ал жакка да сынак менен өтүп кетип, бир жарым жылдай иштедим.

— Иш учурунда эсте калган окуяларга токтолсоңуз?

Ведущая утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Анара Бейшекеева: үнүң жаш баланыкындай деп текст окутушчу эмес
— Эфирде кесиптештер бири-бирибизди көп тамашалачубуз. Өзгөчө Каниет Жыргалбеков күлдүргөндү жакшы көрчү. Сүйлөп жатсаң, маңдайга туруп алып ар кайсыны айтып, туурап, боорду эзе берчү. Бир ирет эфирден көрөрмандарга "Токтогул Сатылганов кайсы жылы төрөлүп жана каза тапкан" деген суроону берип калдык. Эл жооп берип жатса биз күлүп жатабыз, ошол учурда бир көрүүчү акындын өлгөн жылын айтып жатыптыр да. "Элге жат көрүндү" деп режиссёрдон уруш жегенбиз. Жетекчилик айлыктан, гонорардан кескен эмес, себеби көңүл ачуучу программада көп нерсе кечиримдүү болот эмеспи.

Дагы бир эсте калганы кечигип келгендер болду. Бири убактысынын тардыгынан, экинчиси жоопкерчилигинин жоктугунан айтылган убакта келишпейт. Андай учурда бир нерсе кылыш керек да. Анан чогуу алып барган кесиптеш менен көбүрөөк сүйлөшүп, ортолорунан музыка, клиптерди коюп, оюн ойнотчубуз.

Көңүл ачуучу көрсөтүүдө маанайың жаман болсо дагы жаркылдап, жылмайып алып барышың керек. Бир жолу кесиптешим ката кетирип, режиссёр урушуп койду эле, эфирде ыйлап кирсе болобу. Бир эле учурда жашы куюлуп ыйлап дагы, айла жоктон күлүп дагы алып барып жатты. Анан дароо клипке өтүп, тиги кызды гримдей салдык.

Уйкудан көп кыйналдык. Эртең менен айдоочу баарыбызды үйдөн чогултуп кетет, келип боёносуң, уйкуң канбай шишип-көөп эфирге чыгасың. Ушунчалык ачылып сүйлөгүң келген убакта эфир бүтүп калат.

НБТ менен 5-канал тажрыйба топтогонго, эл менен таанышып, иштешүүгө пайдубал түзүп берди. Шарттары, мамилеси жана каражат жагы көңүлдөгүдөй болду. Кесиптештер арасында келишпестик, таарыныч, көрө албастыктар болгон жок.

© Фото / Кызгалдак АкунЗуля Тургунбекова: кичинекей кезимде эле телевизордон дикторлордун сүйлөп жатканына суктанып, ошолордой болгум келчү. Бир гана алып баруучу эмес, актриса, модель болууну дагы кыялданар элем.
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Зуля Тургунбекова: кичинекей кезимде эле телевизордон дикторлордун сүйлөп жатканына суктанып, ошолордой болгум келчү. Бир гана алып баруучу эмес, актриса, модель болууну дагы кыялданар элем.

— Эки телеканалда иштегенден кийин турмуш жолуна аттаныпсыз. Жолдошуңуз менен кантип таанышып, үй-бүлө куруп калгансыздар?

Миссис Кыргызстан -2019 сынагынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды
— Жолдошум Данияр менен 2012-жылы эс алуучу жайлардын биринде таанышып калганбыз. Курбу кызым менен отурсам ал суроо-сопкуту жок жаныма отуруп, "ары жыл" деп мурдумду чымчып, күлүп, тамашалады. Кет десек болбой койгон. Ошентип таанышып калдык. Экөөбүз тең экенбиз. "Мен сага турмушка чыкмак түгүл, жигит да кылбайм" деп тамашалай берчүмүн. Жарым жылдан кийин үйлөнүп, Өзгөнгө келин болдум. Кайын журтум өз кызындай кабыл алды.

Аялзаты турмушка чыксам түйшүк тартам, окуп, иштеп, көп пландарымды ишке ашыра албай калам дейт. Мен дагы ошондой ойдо болчумун. Ал нерсе күйөөңөн, кайын-журтуңан көз каранды экен. Таанышканда эле күйөөмдүн терең ойлонгон, дүйнө таанымы кең, турмушка жаңыча көз караш менен караган бала экендигин билгем. Үйлөнгөнгө чейин "жашооң сен каалагандай болот" деген, чындыгында андан да эки эсе жакшы болду. Бактылуумун. Эки эркек баланы тарбиялап жатабыз.

— Бирок дароо телеге кайткан жоксуз да, туурабы?

— Ооба. Балдарым кичинекей кезде жолдошум чет элдик компаниялар менен келишим түзүп, юрист жана котормочу болуп иштечү. Мен дагы ал компаниянын кагаз иштеринде эмгектенип жүрдүм. Ал кезде балдарыбызды жаныбызга алып жүрчүбүз. Анан Түркиядан Читадагы (Россия) компанияга которулганыбызда ал жак суук экен, балдарды Кыргызстанга алып келгенбиз. Ишибиз жүрүшүп, тапканыбыз жакшы болгону менен балдарды сагынып туруп алдык. Келишим аяктап баратканда өлкөгө биротоло кайтып келүүнү чечтик. Кайрадан иштешели деп сунуш кылышты, кетерибизди угуп капа болушту, мен жетекчиме бир ай мурда кетем деп эскертсем сүйлөшпөй койгон.

© Фото / Кызгалдак АкунЗуля Тургунбекова: жумушум менен үй-бүлөнү деле айкалыштыруу кыйын болгон жок. Ишиме түштөн кийин барам. Кечинде тамакты сөзсүз сен жасашың керек деген түшүнүк жок. Жолдошум балдардын курсагын тойгузуп, уктатып, анча-мынча жумуштарды бүтүрүп коёт.
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Зуля Тургунбекова: жумушум менен үй-бүлөнү деле айкалыштыруу кыйын болгон жок. Ишиме түштөн кийин барам. Кечинде тамакты сөзсүз сен жасашың керек деген түшүнүк жок. Жолдошум балдардын курсагын тойгузуп, уктатып, анча-мынча жумуштарды бүтүрүп коёт.

— Кыргызстанга келгенде каражат жагынан кыйналган жоксуздарбы?

— Жок. Бул жакка келгенде жолдошум ишкерлик менен алектенди. Учурда чет өлкөдөн товар алып келип заводдор менен иштешет.

— Дикторлукка кантип келип калдыңыз?

Диктор телеканала НТС диктору Мира Шукуралиева - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мира Шүкүралиева: "депутаттын аялымын" деп күйөөмдүн атын пайдаланбайм
— Жумушума кайтып келишиме да жолдошум себепкер. Ал "сенин ордуң теледе, элге кызмат кыл, окууңду улант" деп түрткү берди. Бир жылдан бери СТВ каналында иштеп жатам. Бул жакка кесиптештеримдин сунушу менен келип калдым. Бир четинен жашың өтүп, үй-бүлө кургандан кийин көңүл ачуучу программалардан алыстап калат экенсиң. Дикторлукту дагы өркүндөткүм келет. Бул жаатта тажрыйбалуу адамдардан сабак алып турам.

Жумушум менен үй-бүлөнү деле айкалыштыруу кыйын болгон жок. Ишиме түштөн кийин барам. Кечинде тамакты сөзсүз сен жасашың керек деген түшүнүк жок. Жолдошум балдардын курсагын тойгузуп, уктатып, анча-мынча жумуштарды бүтүрүп коёт.

© Фото / Кызгалдак АкунЗуля Тургунбекова: Мындан үч-төрт жыл мурда жолдошум үй-бүлөлүүлөр арасында өтө турчу сулуулар сынагы бар деп айтып калды. Ушул жылы "катышып көрбөйсүңбү" деди. Сынактын жүрүшүндө сөзсүз утушум керек деген максат болгон жок. Соңунда "Акылман айым" номинациясына ээ болдум.
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Зуля Тургунбекова: Мындан үч-төрт жыл мурда жолдошум үй-бүлөлүүлөр арасында өтө турчу сулуулар сынагы бар деп айтып калды. Ушул жылы "катышып көрбөйсүңбү" деди. Сынактын жүрүшүндө сөзсүз утушум керек деген максат болгон жок. Соңунда "Акылман айым" номинациясына ээ болдум.

— Жакында эле Бишкекте "Кыргызстан айымы" сынагы өтүп, сиз "Акылман аял" номинациясына татыптырсыз. Аталган сынакка кандайча катышып калдыңыз.

— Кичинекей кезимде "эгер параметрлерим туура келсе, модель болмокмун" деп айтып калдым эле. Кийин жолдошума дагы ошентип бир айтыптырмын. Мындан үч-төрт жыл мурда жолдошум үй-бүлөлүүлөр арасында өтө турчу сулуулар сынагы бар деп айтып калды. Көп кызыккан эмесмин. Ушул жылы "катышып көрбөйсүңбү" деди. Сынактын жүрүшүндө сөзсүз утушум керек деген максат болгон жок. Соңунда "Акылман айым" номинациясына ээ болдум. Бул конкурс аркылуу кичинекей кездеги эңсөөмдү кандыра алдым деп ойлойм.

© Фото / Кызгалдак АкунЗуля Тургунбекова: күйөөм экөөбүз акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алалы деп ойлоп жүрөбүз. Аларга биз өз балабыздай мээримибизди төгүп, ата-энелик милдетибизди аткарып, үй-бүлөбүзгө кошуп алгыбыз келет.
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Зуля Тургунбекова: күйөөм экөөбүз акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алалы деп ойлоп жүрөбүз. Аларга биз өз балабыздай мээримибизди төгүп, ата-энелик милдетибизди аткарып, үй-бүлөбүзгө кошуп алгыбыз келет.

— Келечекте кандай ой-тилектериңиз бар?

— Бардык адам сыяктуу эле жолдошум менен биргеликте балдарды татыктуу тарбиялап, ишибизде адис болгубуз келет. Коомдо балдарга карата зомбулуктарды көрүп кандайдыр бир жардам көрсөткүм келет. Күйөөм экөөбүз акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алалы деп ойлоп жүрөбүз. Аларга биз өз балабыздай мээримибизди төгүп, ата-энелик милдетибизди аткарып, үй-бүлөбүзгө кошуп алгыбыз келет. Чоң бир бүлөгө айланмакпыз. Ошондой эле балдарды мектепке чейин тарбиялаган мектеп ачсам дейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0