Мунай базадагы өрттөн жаракат алгандардын абалы кандай экени айтылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСотрудники МЧС на месте пожара на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде
Сотрудники МЧС на месте пожара на нефтебазе по улице Шерматова в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт 7,5 сааттан кийин чектөөгө алынган

ОШ, 10-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы мунай базада чыккан өрттөн жаракат алып, облустук ооруканага түшкөн эки кишинин бири үйүнө коё берилди. Ал эми 24 жаштагы жигиттин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Арстан Алымбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жигит жалынга күйүп (термический ожог), II даражада күйүк алган. 24 жаштагы жигиттин баш моюн тарабы жана денесинин айрым бөлүктөрү жабыркап, башкача айтканда, денесинин 50 пайызы күйгөн.

Экс-депутат Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камчыбек Ташиев өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, сый көрсөтөрүн айтты. Видео
Ал эми экинчи жабырлануучу — өрт өчүрүү кызматынан кызматкери да II даражада күйүк алган. Анын бет, жаак бөлүгү, далысы күйгөн. Ал кароодон өткөрүлгөн соң үйүнө жиберилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы мунай базадагы өрт саат 10:00дөр чамасында чыккан. Жеринде өрт өчүрүүчү 10 унаа, 2 автошаты жана Жалал-Абад аэропортунун 2 техникасы иштеген.

Мындан сырткары, Ош облусунан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, көбүк алынганы кабарланган.

Чыккан өрт саат 17.25те чектөөгө алынган.

Мунай базасы "Томас и Ко" компаниясына таандык. Анын жетекчилеринин бири саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев экени белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0