Тюменде кыргыз диаспорасынын сунушу менен Айтматов атындагы көчө пайда болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүГорода России. Тюмень
Города России. Тюмень - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучунун атын алган көчөлөр Нур-Султан жана Екатеринбург шаарларында дагы бар.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Тюмень шаарындагы (Россия) көчөлөрдүн бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айматовдун ысымы берилгенин шаар жетекчилигинен кабарлашты.

Көчө №8 "Антипинский" аймагында жайгашкан. Анын аталышын алмаштыруу сунушун кыргыз диаспорасынын "Биримдик" уюму киргизген.

"Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөлүк адабияттын классиктери менен бир катарда турат. Анын кыргыз адабиятына гана эмес, дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы баа жеткис. Жазуучунун чыгармалары азыр дагы актуалдуулугун жоготпой келет. Окуган адам чыгармадан өзүн таап, жашоого ошол каармандын көзү менен карай алат", — деп жазылат шаардын администрациясынын сайтында.

Эске салсак, Айматов атындагы көчө Нур-Султан жана Екатеринбург шаарларында дагы бар. Ал эми былтыр Минск шаарында жазуучунун аты ыйгарылган сквер ачылган. https://sputnik.kg/society/20181126/1042169049/minsk-shaaryna-chyngyz-ajtmatovgo-ehstelik-tashy-ornotuldu.html

Жаңылыктар түрмөгү
0