Агам экенин айтып коюшса, сүйбөйт элем го... Жаш кыздын жүрөк тилген каты

© AP Photo / Charlie RiedelПара в Канзас-Сити
Пара в Канзас-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында билбестиктин айынан энелеш агасы менен сүйүү мамилесин куруп алган кыздын каты жарыяланды.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайним үйлөнөлү деп айламды кетирди... Эки анжы ойдо жүргөн келиндин каты
...Чынын айтсам, кээде өлүп алгым келет. Анткени мындан ары кантип жашарымды билбейм.

Мен 9-класста окуп жүргөндө мектепке жаңы окуучу келди. Курбуларым "11-класска Марат (аты өзгөртүлдү — ред.) деген жакшынакай бала келиптир, таанышалы" деп кылыктанып калышты. Мен көңүл бурган жокмун. Жигит жөнүндө ойлончу абалым жок болчу. Атам кичинемде каза болуп, апам бизди багам деп Россияга иштегени кеткен. Мектепти бүтүп, окууга өтө албай калган эжем экөөбүздү таежебиз карайт. Аныбыз кээде маанайы жакшы болсо, кээде кагып-силкип урушуп калат.

Бир күнү мектептен үйгө кетип бара жатсам, баягы кыздар айтып жаткан жаңы бала дүкөндүн жанында туруптур. Мен жанына жете бергенде же учурашпай, же таанышпай эле бир мугалим жөнүндө сурай баштады. Биринчи жактырган жокмун. Бирок үйгө чейин көп нерсени кобурашып, бат эле тил табышып кеттик. Мурда башка айылда жашап жүрүп, быйыл биз жакка көчүп келишкенин айтты. Мен дагы өзүм, ата-энем, үйдөгү азыркы абал жөнүндө төкпөй-чачпай айтып бердим. Ошентип экөөбүз күндө чогуу кетчү болдук. Бир күнү мектепке келбей калган экен, көргүм келип, аябай кыжалат болдум. Кечке маал өзүмчө эле ыйлагым келип, буулугуп отурсам телефонума "Ты мне нравишься" деп СМС билдирүү жөнөттү. Ошол мүнөттөн тарта жашоом жомоктогудай өзгөрдү. Күндө окууга чогуу барып, чогуу кайтабыз. Эжейлер көрүп калбасын деп мектептен алысыраак жерге барып, бир нече саат сүйлөшүп отурабыз. Кыскасы, экөөбүздөн бактылуу киши жок, эч ким бизди бөлө алчудай эмес. Атургай "сени эки жыл күтөм, мектепти бүтөөрүң менен үйлөнүп алып, шаарда чогуу окуйбуз" деп айткан.

Бир күнү көбүрөөк кармалып калсам керек, таежем издеп келиптир. Өңү купкуу, катуу жинденип алган.

"Ай кыз, бас үйгө!" деп кыйкырып алып, бурулуп басып кетти. Мен окуучу кызды жигит менен кармап алганда бардык эле эжелер ушундай болсо керек деген ойдо артынан ээрчип баратам. Жашоом ушул мүнөттөрдө асты-үстү болорун кайдан билиптирмин?..

Дарбазага кирерибиз менен таежем мени катуу кучактап, "сен аны менен сүйлөшпөшүң керек, ал сенин бир тууган агаң" деди. Мен эч нерсени түшүнгөн жокмун. Кандайча агам?!

Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты
Көрсө апам мурда башка күйөөгө тийиптир. Бир кыз, бир уулдуу болгондо анысы менен ажырашып, эки айлык баласын кайын журту алып калыптыр. Анан бир кызы менен менин атама турмушка чыккан экен. Эң кызыгы, эжем экөөбүздүн аталарыбыз бөлөк экенин, башка жакта эркек бир тууганыбыз бар экенин таптакыр билген эмеспиз. Ушул жакта агаң бар деп апам эмнеге айтып койгон жок? Ага аябай таарындым. Таежем болсо менин Марат менен ээрчишип калганымды байкап, бул кимдин баласы деп сураштырыптыр.

Кечке маал апам телефон чалып, мени аябай урушту. Чынын айтсам, эмнеге урушуп жатканын түшүнгөн жокмун "шерменде, шерменде..." деп кыйкырып жатканын эле уктум. Менимче, ал, тескерисинче, кечирим сураш керек эле.

...Телефонумду өчүрдүм дагы бир жума үйдөн чыкпай койдум. Бир күнү кечинде эжем бөлмөгө кирип, "Сени Марат чакырып жатат. Чыкпасаң кетпейм дейт. Эки сааттан бери турат" деди. Болгонун болгондой айтып берейин деп чыккам, бирок такыр оозум барбай койду. Бир дагы сөз айта албай, ыйлай бердим. Ал "Таежең сабадыбы? Мени менен сүйлөшпө дедиби?" деген сыяктуу суроолорду берип жатты. Бир маалда "жаным, ыйлабачы" деп чөгөлөп отура калса болобу. Карасам башы эжемдикине куюп койгондой окшош экен. Уюлу, чачтарынын өңүнө чейин...

Дагы бир жумадан кийин атамдын Бишкекте жашаган карындашыныкына кетип калдым. Окуум да калды, баары калды. Андан бери жарым жыл өттү. Эжем курбусуна сүйлөшүп берип, мен азыр анын балдарын карап иштеп жүрөм. Үйдөгүлөр Маратка дайын-дарегимди айтпаптыр. Бирок экөөбүздүн бир тууган экенибизди дагы деле билбейт экен. Апам "эч кимге айтпагыла, өзүм барганда сүйлөшөм" деп коюптур. Бул эмне кылганы апамдын? Марат экөөбүз бир күнү көчөдөн кезигип калсак эмне болот?

Перизат Калмаматова, үй-бүлөлүк психолог:

— Урматтуу окурман, сиз күчтүү адам экенсиз. Өспүрүм кезде, сиз туш болгондой кырдалга кабылып, ошол эле учурда эң жакын адамынан, тагыраагы, апасынан колдоо таппаган адам оңой эле жанын кыйып же тетири жолго түшүп кетиши мүмкүн эле. Сиздин шаарга кетип калганга эркиңиз жеткени кубандырат. Анткени ошол туңгуюктан чыгууга, андан ары жашап кетүүгө аракет кылып жатасыз.

Тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым аябай семирип кетти, теңтуштардан уялам. Эркектин каты
Бир тууганыңыз менен болгон мамиле тууралуу илимий көз караш менен айтсам, ортоңордо сүйүү эмес, бир туугандык жылуулук сезим болгон. Кан, ген деген нерселердин табияты ушундай. Качан, кайдан болбосун тартып турат. Ошол кезде ата-эненин мээрими жок жашап жүрүп, агаңыздын сизге болгон масилеси, көңүл буруусу аял менен эркектин ортосундагы сүйүү сыяктуу кабыл алынган.

Ал эми Мараттын сизге бир тууган экенин туугандардын эч кимиси ага ачык айтпай жатканы, албетте, өкүнүчтүү. Экөөңөрдүн бир тууган экениңер факт, муну эч кайда ката албайбыз, катпашыбыз дагы керек.

Мойнуңузга чоң жүктү илип алып кыйналып жүргөндөн көрө, мүмкүнчүлүк издеп, агаңызга ачыгын айтып бергениңиз туура болот деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0