Бир семестрде 27 миң доллар стипендия алчумун. АКШда иштеп калган Астранын баяны

© Фото / предоставлено Астрой Рахматилла кызыКыргызстанка Астра Рахматилла кызы, живущая в США
Кыргызстанка Астра Рахматилла кызы, живущая в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендик Астра Рахматилла кызы бала кезинен эле чет мамлекетте билим алып, мыкты компанияларда иштөөнү кыялданчу. Ойлогону ишке ашып АКШдагы мыкты делген окуу жайды бүтүп, учурда Сан-Францискодогу компаниялардын биринде бухгалтер болуп иштейт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жерде ийгилик багынтып жүргөн мекендеш кыз менен маектешти.

— Астра, АКШга барып калуу таржымалыңыз тууралуу айтып бериңизчи?

— Бала кезимен эле чет жерде билим алууну кыялданчумун. Анткени айылда аялдардын түйшүгү бүтпөйт го. Качан көрсөм алар бала карап, үй жыйнап, тамак жасап, айтор, жаны тынбай жүргөнү жүргөн. Мага андай нерсе такыр жакчу эмес, өзүмдү өнүктүрүп жакшы бир кесиптин ээси болууга далалат кылар элем. Мектепте окуп жүргөн кезимде улуу байкем чет мамлекетке барып окуп калды. Ал үйгө келген сайын "жакшы окусаң дүйнө кыдырып, максатыңдын баарын ишке ашыра аласың" деп көп айтчу. Анын үстүнө ата-энем дагы билимге, окууга басым жасаган адамдар. Атам салык кызматкери, апам китепканачы. Үйдө баарыбыз китеп кармап чоңойгонбуз. Ушул нерсенин баары менин чет өлкөдө билим алуума таасир этти. 3-класстан 7-класска чейин Баткен шаарынын музыкалык мектебинде окуп, комуз, пианино черткенди үйрөндүм. Андан кийин Ош шаарындагы кыргыз-түрк кыздар лицейине экзамен тапшырып өтүп кеттим. Лицейди артыкчылык менен бүтүргөндөн кийин күчүмдү АКШнын окуу жайынан сынап көрүүнү чечтим. 

© Фото / предоставлено Астрой Рахматилла кызыСан-Францискодогу компаниялардын биринде бухгалтер болуп иштеген Астра Рахматилла кызы: күндүз иштеп, түнкүсүн сабакка даярданып уктабаган күндөр көп эле өттү. Мен эле эмес, Америкада окуган студенттердин 80 пайызы эки-үч жумушта иштешет.
Бир семестрде 27 миң доллар стипендия алчумун. АКШда иштеп калган Астранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Сан-Францискодогу компаниялардын биринде бухгалтер болуп иштеген Астра Рахматилла кызы: күндүз иштеп, түнкүсүн сабакка даярданып уктабаган күндөр көп эле өттү. Мен эле эмес, Америкада окуган студенттердин 80 пайызы эки-үч жумушта иштешет.

— Чет мамлекетте билим алсам деп көксөгөн жаштар көп. Окууга тапшыруу тажрыйбаңыздан да бөлүшүп кетпейсизби?

Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы ашпозчу Асылбек: айына 3500 долларга чейин айлык алам
— Негизи мен Кыргызстандан ТОEFL экзаменин тапшырып, баллым жетпей калган. Бирок чет өлкөдөн окуйм деген көксөө менен АКШга барып эки жылдык колледжге экзамен тапшырып, өтүп кеттим. Бала кезден эле анализ, эсеп жагына жакын болгондуктан бухгалтерлик кесипти тандап алдым. Барганда, албетте, кыйын болду. Окуу акысын төлөшүң керек, андан сырткары, жашаган жериң, тамак-ашың, баскан-турганың — баары эле акча да. Кошумча бир эмес эки жумушта иштедим. Кыйналдым. Профессорума барып "эки жумушта иштейм, кыйналып калдым" деп суранган учурлар болду. Бирок ал жактын билим берүү системасы башка. Шылтоо, пара дегенди билишпейт. Күндүз иштеп, түнкүсүн сабакка даярданып уктабаган күндөр көп эле өттү. Мен эле эмес, Америкада окуган студенттердин 80 пайызы эки-үч жумушта иштешет. Ата-энең бай болуп, тынбай акча салып эле иштебей калбаса, баргандардын баары иштейт.

— Колледжде окуу акысы канча эле?

— Жылдык акысы 4 миң доллар болчу. Акчаны өзүм иштеп тапкам. Колледжди бүткөндөн кийин Даллас шаарындагы Southern Methodist Unviersity деген жогорку окуу жайга өтүп кеттим. Ал АКШдагы мыкты окуу жайлардын бири, акысы да аябай кымбат. Жашоосун эсептебегенде эле бир жылга 57 миң доллар төлөнчү. Ал университет биз окуган колледжди жакшы баа менен аяктаган 10 студентти стипендия менен кабыл алат экен. Мен ошол 10 студенттин катарына кирип, стипендияга илинип калдым. 2,5 жыл окудум, университет беш семестрге 120 миң доллардан ашуун стипендия төлөп берди. Бирок стипендияны окууга төлөчүмүн. Калган жашоомо акчаны иштеп таптым. 

© Фото / предоставлено Астрой Рахматилла кызыАстра Рахматилла кызы: университет беш семестрге 120 миң доллардан ашуун стипендия төлөп берди. Бирок стипендияны окууга төлөчүмүн. Калган жашоомо акчаны иштеп таптым.
Бир семестрде 27 миң доллар стипендия алчумун. АКШда иштеп калган Астранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Астра Рахматилла кызы: университет беш семестрге 120 миң доллардан ашуун стипендия төлөп берди. Бирок стипендияны окууга төлөчүмүн. Калган жашоомо акчаны иштеп таптым.

— Эмне жумуштарда иштечү элеңиз?

— Студент кезде дүкөндө сатуучу болуп, кафелерде официант, бала карап иштедим.

— Кыргызстанда жүргөндө музыкалык мектепте окуп калдым деп калдыңыз. АКШга барганда өнөрүңүздү таштаган жоксузбу?

— АКШга комуз, кыргыз көйнөгүмдү кошо ала келгем. Колледжде окуп жүргөндө эл аралык иш-чаралар болуп турчу. Ар өлкөдөн келген студенттер маданиятын тааныштырып, улуттук тамак-аштарын көрсөтчү. Ошол жактан мен да комуз чертип, улуттук тамак-аштарды алып чыкчумун. Кыргыз кийимине, комузга суктангандар көп болду. Жаныма келип сүрөткө түшүп, Кыргызстан тууралуу маалымат алышчу. Колледждин "Дүйнөдө тынчтык болсун!" деп ар кайсы тилде жазылган тактайчасы дагы бар эле. Мен да ураанды кыргыз тилинде жаздыргам. 

© Фото / предоставлено Астрой Рахматилла кызыАстра Рахматилла кызы: колледжде кыргыз кийимине, комузга суктангандар көп болду. Жаныма келип сүрөткө түшүп, Кыргызстан тууралуу маалымат алышчу.
Бир семестрде 27 миң доллар стипендия алчумун. АКШда иштеп калган Астранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Астра Рахматилла кызы: колледжде кыргыз кийимине, комузга суктангандар көп болду. Жаныма келип сүрөткө түшүп, Кыргызстан тууралуу маалымат алышчу.

— Окууну ийгиликтүү аяктаган турбайсызбы. Азыр кесибиңиз менен иштеп жатасызбы? Бухгалтерлер ал жакта кандай бааланат?

— Окууну Даллас шаарынан бүтүп, кийин Хьюстон шаарына көчүп бардым. Бир ай жумуш издеп ар кандай техникалык тетиктерди чыгарган компаниянын бухгалтериясына кирип иштедим. Ал шаарда баары арзан болчу, ошол себептен айлык акыбыз деле азыраак эле. Жылдык эсепти алганда 35-40 миң доллар. Аны ай менен эсептегенде 2000-3000 доллар болчу. Бирок бул азыраак айлык деп эсептелет. АКШда 4000-5000 айлык алсаң баарына жетет. Ошол себептен да башка жактан жумуш караштырып, жакында эле Сан-Франциско шаарына көчүп келип, бир компаниянын бухгалтерия бөлүмүнө кирдим. Шаардын өзү да таза, океандын жээгинде, тоо. Айлыгым да жакшы.

— Кыргызстанга кайтуу азырынча оюңузда жок окшойт...

— Азырынча ойлоно элекмин. Балким, кийин барармын. 

© Фото / предоставлено Астрой Рахматилла кызыАстра Рахматилла кызы: мен деле Кыргызстанда жүргөндө "чет өлкөдө окуу кыйын, кымбат" деп ойлой берчүмүн. Көрсө, коркпош керек экен. Каалап жатасыңбы, аны дароо аткарганга аракет кылуу зарыл экенин түшүндүм.
Бир семестрде 27 миң доллар стипендия алчумун. АКШда иштеп калган Астранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Астра Рахматилла кызы: мен деле Кыргызстанда жүргөндө "чет өлкөдө окуу кыйын, кымбат" деп ойлой берчүмүн. Көрсө, коркпош керек экен. Каалап жатасыңбы, аны дароо аткарганга аракет кылуу зарыл экенин түшүндүм.

— АКШдагы кыргыздар, алардын жашоосу тууралуу да азыноолак кеп салып кетпейсизби?

Кыргызстандыкн ишкер Мирлан Акжигитов - Sputnik Кыргызстан
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги
— Буга чейин жашаган Даллас, Хьюстон шаарларында кыргыздар Нооруз майрамдарында чогулуп турушчу. Ал тургай атайын Кыргызстандан боз үй сатып алып келип майрам сайын тигишчү. Мындан сырткары, майрамдарда улуттук тамак-аштарды жасап алып сатчубуз дагы, түшкөн акчасын муктаждыктарга керектечүбүз. Кыргыз бүлөлөрдүн балдарына кыргыз тилдүү мектептер бар эле. Ал жакта тил, каада-салттар үйрөтүлчү. Мен да окууну жаңы бүтүп, жумуш караштырып жүргөндө балдарга убактылуу сабак өтүп калдым.

— Чет өлкөдө билим алам деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Мен деле Кыргызстанда жүргөндө "чет өлкөдө окуу кыйын, кымбат" деп ойлой берчүмүн. Көрсө, коркпош керек экен. Каалап жатасыңбы, аны дароо аткарганга аракет кылуу зарыл экенин түшүндүм. Башында жакындарым "Астра, сени ал жакка окута албайбыз" деп ачык эле айтышкан. Бирок мен аларга "жол киреме эле каражат таап бергиле, калганын өзүм өздөштүрүп кетем" деп жатып келгем. Жакшы окуу жайда билим алдым. Башкысы каалоо, аракет болушу керек. Анан, албетте, тил, ТОEFL экзамени. Дагы бир эске алчу нерсе, баарын эрте даярдаган оң. Мисалы, АКШнын окуу жайлары документтерди бир жыл мурун кабыл алат. 2020-жылы магистратурага тапшырчу студенттерди азыр кабыл ала баштады. Муну да эске алуу керек. 

© Фото / предоставлено Астрой Рахматилла кызыАстра Рахматилла кызы: бала кезимен эле китепти көп окудум. Чыгармалардагы каармандар менен жашап эмнегедир жазуучу же музыкант болгум келе берчү.
Бир семестрде 27 миң доллар стипендия алчумун. АКШда иштеп калган Астранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Астра Рахматилла кызы: бала кезимен эле китепти көп окудум. Чыгармалардагы каармандар менен жашап эмнегедир жазуучу же музыкант болгум келе берчү.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Бала кезимен эле китепти көп окудум. Чыгармалардагы каармандар менен жашап эмнегедир жазуучу же музыкант болгум келе берчү. Бирок замандын агымы менен кетип, ал кыялдарым ишке ашкан жок. Бирок жазуучу болбосом да китеп жазуу оюмда бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0