Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек

© Sputnik / Дильноза АлымоваБизнесвумен Жаркынай Деркембаева
Бизнесвумен Жаркынай Деркембаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаркынай Деркембаева 17 жашында турмушка чыккан, бирок эки жыл өтпөй колуна ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк тийген. Белин бекем бууп, жеке ишин түптөп, көп миллиондогон бизнеске ээлик кылган ишкер айым өз баянын кенен-кесир айтып берди.

30 жаштагы Жаркынай Деркембаеванын тандап алган жолу оңой-олтоң эмес. Үч баланын энеси өрүк менен бизнес-империя курду. Жаркынай 19 жашында кучагында балдары менен жалгыз бой калганы, кыштак турмушун татканы, атамекендик айыл чарбанын кирешелүү жактары боюнча айтып берди.

— Өзүңүз тууралуу билсек...

Ишкер Лаура Жоробекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мынча киреше табам деп ойлогон эмесмин. Бишкектик айымдын бизнестеги баяны
— Айылдык кызмын, балалыгым Ысык-Көл облусундагы Ак-Терек айылында өттү. Мектепте аябай активдүү болчумун, ал тургай, Ысык-Көлдүн мыкты бийчиси аталгам. Бул багытта келечегим кең экенин айтып калышчу.

Стюардесса болууну самачумун, 11-класстан кийин авиациялык окуу жайга документ тапшырмакмын. Туугандарым: “Сенин учкуң келеби? Күйөөгө ким чыгат? Ким төрөйт?” – деп ызы-чуу салышты.

Алардын сөзү мага катуу таасир эткен... Күлгүндөй курагында маанилүү чечим кабыл алган кыздарга менин биринчи турмушум сабак болсун! Кыштактагы эң көрүнүктүү жигитти тандап, 17 жашымда ага турмушка чыктым. 18имде көз жардым. Бишкекке көчүп келдик, бирок бир бүлө боло албадык. Ал Кыргызстандан жумуш таппай, Россияга иштеп кетти. Кызганчаактыгы мени чүнчүтүп салды, эч жакка чыгарчу эмес.

Андай жашоо болбой турганын аңдадым да, ажырашабыз дедим. Менимче, ал деле буга даяр болчу. Ошентип 19 жашымда ажырашкандыгыбызды тастыктаган документти колума алдым. 

© Sputnik / Дильноза АлымоваЖаркынай Деркембаеванын тандап алган жолу оңой-олтоң эмес. Үч баланын энеси өрүк менен бизнес-империя курду.
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жаркынай Деркембаеванын тандап алган жолу оңой-олтоң эмес. Үч баланын энеси өрүк менен бизнес-империя курду.

— Күйөөдөн чыккан кыздар коомдо кеп-сөзгө калышат эмеспи. Сиз андайды кантип көтөрдүңүз?

— “Эл эмне дейт?” деген тейдеги көндүм пикир, кеп-сөздүн баарын уктум. Кай бирлери менден баш тартты... Кучагымдагы бала менен барар жерим жок, туугандар мага Бишкектен тамтыгы кеткен барак ижаралап беришти. Баш багарым менен ал жакта жашабай турганымды айттым.

Эртеси күнү Бишкектин чок ортосунан жакшынакай батир ижарага алдым. 12 миң сом акысы, ал убакта айына 6 миң сом гана тапчумун. Кызымды багып, турак жай акысын да төлөөгө тийиш элем. Башка аргам жок, иштен ыкчам ыргакта көтөрүлө баштадым.

— Билим алдыңызбы?

27 жашар Адилет Кеденовдун азыр төө минген убагы - Sputnik Кыргызстан
Эрке элем, анан көргүлүктү көрдүм... Москвада бизнес империя түзгөн Адилеттин баяны
— Ооба, Финансы-экономикалык техникумду кызыл диплом менен аяктап, бухгалтер адистигин алып чыктым. 19 жашымда тери иштеткен ишканага ишке орноштум. Италия, Түркия, Пакистан, Индияга товар жөнөтүлчү.

Жетекчим аябай катаал киши эле, аракетчил жаш кызды ал тез арада кесипкөйгө айлантты.

Ошол жылдары бутум-бутума тийбей чуркап эле жүрчүмүн десем жарашат. Завод менен кеңсе шаардын эки бөлөк четинде. Ири суммадагы акчаны жан сакчысыз, маршрутка менен эле ташычумун. Аябай кооптуу эле.

Мамлекеттик органдар менен да маселелерди чечүүгө аргасыз элем, ал жакта курсагы чыккан байкелер: "Биз менен ким сүйлөшөт?" – деп сурашат, менин сүйлөшөрүмдү укканда таң калышат.

Компаниянын аткаруучу директорлугуна көтөрүлдүм, кийин башкы директор болдум. Чет элдик көп ишканалар мени менен кызматташууну каалашчу.

— Ал ишти эмнеге таштап койдуңуз?

— Кайра турмуш курдум. Болочок жолдошум мени сырттан байкап жүрүптүр. 24 жашымда биз баш коштук. Ишимди таштап, эки жыл бою балалуу болууга тырыштым.

IT-тестировщик Сияпат Усенбекова - Sputnik Кыргызстан
Жолдошумдун көңүлдөшү кош бойлуу экенин "сүйүнчүлөдү". Бишкектик айымдын баяны
Чакан ишкана ачтым, Бишкектеги супермаркеттерге Көлдүн алмасын, башка жер-жемиштерди жеткире баштадым.

Зарылып жүрүп тапкан кызым төрөлгөндө аябай катуу депрессияга кабылдым. Дайым элдин курчоосунда, будуң-чаң ыргакта иштеп, айланамдагылардын мага суктанып жүргөнүнө көнө түшсөм керек. Балдар менен сыртка чыга албай, мурдагыдай кулакка жагымдуу кептерди укпай калдым. Өзүмдү жоготкондой туюлду.

Жолдошум менен да көйгөйлөр жарала баштады. Депрессиядан улам таарынчаак, болор-болбос нерсеге териге берчү болдум. Жанын койбой эле кайда экенин тактай берчүмүн. Аял бир ишти колго албаса, бир нерсе менен алек болбосо, күйөөсүн көзөмөлдөй баштайт экен.

Ажыраштык. Үчүнчү кызымды жалгыз бой төрөдүм. Ошентсе да күйөөм бизди жалгыз таштаган жок. Дайым жаныбызда, коргоп, колдоп дегендей. Кыздарым атасын элдин арасынан издей берчү, өзүм да аны аябай сүйөрүмдү түшүндүм. Азыр биз кайра биргебиз. 

© Фото / из личного архива Жаркынай ДеркембаевойЖаркынай Деркембаева: Үчүнчү кызымды жалгыз бой төрөдүм. Ошентсе да күйөөм бизди жалгыз таштаган жок. Дайым жаныбызда, коргоп, колдоп дегендей. Кыздарым атасын элдин арасынан издей берчү, өзүм да аны аябай сүйөрүмдү түшүндүм. Азыр биз кайра биргебиз.
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жаркынай Деркембаева: Үчүнчү кызымды жалгыз бой төрөдүм. Ошентсе да күйөөм бизди жалгыз таштаган жок. Дайым жаныбызда, коргоп, колдоп дегендей. Кыздарым атасын элдин арасынан издей берчү, өзүм да аны аябай сүйөрүмдү түшүндүм. Азыр биз кайра биргебиз.

— Өрүк менен кандайча иштей баштадыңыз?

— Эки жашыма чейин Касым Деркембаев бабамдын (чоң атамдын атасы) тизесинде чоңойдум. Анын жанынан жылчу эмесмин. Ал тургай, анын акыркы күнү да эсимде калды...

Бир топ жыл мурун ал өз пенсиясына өрүкзар багын тиктирген. Бакча малдан алда канча жакшы дечү. Уйду кароосуз калтыра албайсың, ал эми бакча эч кимди байлабайт.

Ал дүйнө алмаштыргандан бери бакча каралбай калган. Куурап калган бактардын арасынан бирөө гана өрүк байлап, ата-энем андан жыл сайын мол түшүм алчу. Балким, ошол жалгыз түп өрүк бабамдын аяны да болушу мүмкүн...

Кыргызстандыкн ишкер Мирлан Акжигитов - Sputnik Кыргызстан
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги
Тогуз жыл мурун ата-энем Ысык-Көлдүн жээгине кайра бакча тикти. Ал убакта калаа турмушуна кынык алып, бакча ишинен кабарым жок болчу. Болгону туугандарыма көчөт үчүн акча жөнөтүп тим болгом. Анан бир күнү мага: "Жаркынай, жардам бер! Мөндүр бүт түшүмдү жууп кетти. Эмне кыларыбызды билбей башыбыз маң!" – деп телефон чалышты.

Бейиштин төрүндөй болгон ал бакчага келип, мөндүр тийген ушунчалык кооз өрүктү көрдүм... Сактала турганын сактап, тезинен түшүмдү сатуу зарыл болчу, алыска алпара албайсың, ал эми Бишкектин базарларына өрүк эбак жайнап калган.

Товарды Казакстанга алып бардым. Жергиликтүү дүң соодагерлер ортомчулар менен иш алпарат эмеспи, өндүрүшчүлөрдүн өздөрү келгени аларга көнүмүш эмес. Өрүк сатуу менен бирге тарыхыбыздан да кеп салдым. Талап ушунчалык күч эле, ортомчулар апталап өткөрө турган чоң унаа өрүктү эки күндө сатып бүттүм.

— Эки гектар өрүкзардан канча киреше алууга болот?

— Пайда 20 миң, ал тургай, 30 миң долларга жетиши мүмкүн! Болгону айыл чарбасы дайым тобокелдүү иш. Үшүк алып, жемишти мөндүр уруп койбойт деп эч ким кепилдик бербейт. Кээде түшүм ашкере мол болуп, кампада чирип да кетиши ыктымал. 

© Фото / Жаркынай ДеркембаеваИшкер айым: Бишкектиктер андай какты базардагы чоң апалардан гана сатып алмайга көнүп калган. Көпчүлүк анын антисанитардык шарттарда даярдалганынан шектенет. Жайма как эң коопсуз азык экенин далилдегим келет!
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ишкер айым: Бишкектиктер андай какты базардагы чоң апалардан гана сатып алмайга көнүп калган. Көпчүлүк анын антисанитардык шарттарда даярдалганынан шектенет. Жайма как эң коопсуз азык экенин далилдегим келет!

— Өрүктөн жайылган как жасоону дал ушундан улам баштаган көрүнөсүз...

— Ооба. Жайма как — өрүктүн өзүнө караганда пайдалуу өндүрүм, узагыраак да сакталат. Бала кезден бери аны жакшы көрүп жечүмүн, апам гана идиштин баарын аябай булгайт деп даярдоого уруксат берчү эмес. Ал жумушка кеткен убакта биз жасай коюп, баарын жеп, анан табактарды жууп койчубуз.

Азыр чарбалык жерлердин баарында бак өстүрүүгө уруксат берилген, андан улам өрүк өтө көбөйдү. Баа төмөндөп, түшүм жөн эле жерде тебеленип калууда. Адегенде кантка чылап цукат жасап көрдүм, бирок өрүктүн ысыккөлдүк сорту ага ылайыксыз экен.

Андан соң жайма как жасап, дүкөндөргө өткөрүүнү чечтим. Талап күч болорун күткөн эмесмин! Кийинки эле жылы электр туурагыч, атайын ага ылайыкталган идиш сатып алып, көбүрөөк жасайын деп чечтим. Дароо эле калбай калды. Эми жаңы план түздүм, менин жайма кагым ар бир супермаркетте сатылса деген тилегим бар.

Города мира. Доха - Sputnik Кыргызстан
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек
Бишкектиктер андай какты базардагы чоң апалардан гана сатып алмайга көнүп калган. Көпчүлүк анын антисанитардык шарттарда даярдалганынан шектенет. Жайма как эң коопсуз азык экенин далилдегим келет! Мындан тышкары, биздин өндүрүмгө кант кошулбайт, курамына тек гана алма, алмурут, кайналы, малина, кулпунай өңдүү жемиштер кошулат.

Азыр деле Бишкектеги бир катар супермаркеттер биздин какты сатууга даяр. Казакстан, Россиядан да буюртма алдык. Менимче, бул өндүрүм менен дүйнөнү багындырууга болот, себеби татып көргөн киши кайдыгер калбайт.

— Аны даярдоодо эң татаалы эмне?

— Аарылар! Алар таттууну сүйүп, анан да оорута чагып алышат. Жакында эле алардын тилин таап алдым. Аларды жакшы көрүш керек экен, ошондо алар чакпай калат экен. Алар менен сылык сүйлөшөм, кубалоого ашыкпайм.

© Sputnik / Дильноза АлымоваДеркембаева: Жалгыз бой айымдын ийгиликке жеткени тууралуу көп көрсөтүшөт. Менимче, коомдук пикирди өзгөртүп, бактылуу жубай, бактылуу эне дагы өзүнүн бизнес-империясын кура аларын далилдөөгө тийишпиз.
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек - Sputnik Кыргызстан
Деркембаева: Жалгыз бой айымдын ийгиликке жеткени тууралуу көп көрсөтүшөт. Менимче, коомдук пикирди өзгөртүп, бактылуу жубай, бактылуу эне дагы өзүнүн бизнес-империясын кура аларын далилдөөгө тийишпиз.

— Азыр деле супермаркеттерге жашылча жеткиресизби?

— Ооба, азыр фермерлерден пияз, картошка, сабиз, кызылча, түрп сатып алып, Бишкекке ташыйм. Соода түйүндөрү жогорку сорттогусун талап кылат, бирок бизде азыктардын сапаты боюнча көйгөй бар.

Фермерлердин айтымында, жер арыктап кеткен. Эч ким топурактын сапатына көңүл бурбайт, зыянкечтерге каршы күрөшпөйт. Кээде чыгаша болосуң, анткени товар чындап начар. Натыйжада фермерлер да, биз дагы зыян тартабыз.

PR-директор Навигатор групп Инабат Латипова - Sputnik Кыргызстан
9 жыл бала багып, ири ишкананын топ-менеджери болдум. Кыргызстандык айымдын баяны
Башка өлкөлөргө айрым учурда жашылча-жемиш ташууга тыюу салынышы да бизге көйгөй жаратат. Мисалы, картошка маселеси. Фермерлерге Өзбекстан, Казакстан, Россияга экспорттоого убада беришкени элге маалым. Дыйкандар картошка айдап, кампада чирип, эч кимге кереги жок болуп калды. Сарымсак менен да ошондой эле болгон.

Ошондой башаламандыкка жол бербеш үчүн кайсы азык сатыларын бийлик алдын ала анализдегени оң болмок. 

— Жаңыдан өз жолун баштап турган жаш кыздарга эмне айткыңыз келет?

— Бир кишинин топ элдин алдындагы сөзүн угуп калдым. Ал ажырашкан кыздарды жумушка алган жыргал дейт. Айтымында, алар үйгө шашпайт экен, бирок акча табуу үчүн бири-бирин сүрүп чыгарууга даяр экен.

Ошол сөз мага карата айтылгандай туюлду. Чындап эле мени да ушинтип иштете берсе болот дешеби? Ушундай ойлорго алдырып ыза да болдум. Ажырашкан аялдарга жасалган мындай мамиле мени чочутту.

Жалгыз бой айымдын ийгиликке жеткени тууралуу көп көрсөтүшөт. Менимче, коомдук пикирди өзгөртүп, бактылуу жубай, бактылуу эне дагы өзүнүн бизнес-империясын кура аларын далилдөөгө тийишпиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0