Айдоочу, абайла! Бишкекке дагы 19 камера орнотулду. Жалпы тизме

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКамеры фиксации нарушений пдд в Москве
Камеры фиксации нарушений пдд в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы коюлган көзөмөл аппараттар 14-майдан тарта иштеп баштайт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Борбор калаада "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол кыймылына көзөмөл кылып сүрөткө тартып жана видеого жаза турган камералар көчөлөрдүн дагы 19 жердеги кесилишине орнотулду. Бул туурасында Байланыш жана маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Билдирүүдө ведомство аралык комиссия программалык аппараттын комплекстерин кабыл алуу иштерин аяктап калганы айтылат.

Жаңы камералар төмөнкү аймактарга коюлган:

  • Элебесов — Аул көчөлөрү;
  • Дэн Сяопин проспектиси — Алыкулов көчөсү;
  • Дэн Сяопин проспектиси – Садыгалиев көчөсү;
  • Бөкөнбаев көчөсү - Жаш Гвардия бульвары;
  • Фучик көчөсү – Май куюучу жай;
  • Сүйөркулов – Байтик баатыр көчөлөрү;
  • Чүй проспектиси – Шопоков көчөлөрү;
  • Сүйөркулов — Юнусалиев көчөлөрү;
  • Айтматов — Ахунбаев көчөлөрү;
  • Жибек Жолу проспектиси — Лермонтов көчөлөрү;
  • Ауэзов көчөсү — Чүй проспектиси;
  • Толстой көчөсү — Жаш Гвардия бульвары;
  • Толстой — Бакаев көчөлөрү;
  • Алыкулов— Өмүракунов көчөлөрү;
  • Ахунбаев – Тыналиев көчөлөрү;
  • Айтматов — Масалиев көчөлөрү;
  • Горький — Айтматов көчөлөрү;
  • Токомбаев — 7-Апрель көчөлөрү;
  • Айтматов – Семетей көчөлөрү;

Эске салсак, буга чейин Бишкекте 23 жерге да мындай камералар коюлган:

  • Жибек Жолу — Абдрахманов;
  • Жибек Жолу — Курманжан датка;
  • Жибек Жолу — Жаш Гвардия;
  • Жибек Жолу — Фучик;
  • Жибек Жолу — Манас;
  • Чүй — Абдрахманов;
  • Чүй — Бейшеналиева;
  • Чүй — Курманжан датка;
  • Чүй — Жаш Гвардия;
  • Чүй — Павлов;
  • Чүй— Фучик;
  • Чүй— Манас;
  • Манас проспектисиндеги көпүрө;
  • 7-Апрель көчөсүндөгү көпүрө;
  • Байтик баатыр көчөсүндөгү көпүрө;
  • Ибраимов көчөсүндөгү көпүрө;
  • Бөкөнбаев — Манас;
  • Ахунбаев — Байтик баатыр;
  • Байтик баатыр — Горький;
  • Бөкөнбаев — Абдрахманов;
  • Горький — 7-Апрель;
  • Махатма Ганди — Боталиев;
  • Москва — Абдрахманов.

Андан сырткары, Чүй облусунда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында дагы 19 камера коюлуп, алар 26-апрелден тарта ишке киргени айтылган.

Бишкек — "Манас" аэропорту трассасы:

  • Пригородное айылы, май куюучу жай (9-чакырым);
  • Достук айылына бурулган жер (10,2-чакырым);
  • Путепровод (13-чакырым);
  • Ак-Жол айылы, орто мектептин жанында (14,5-чакырым);
  • Манас айылынын борбордук бөлүгү (22,5-чакырым);
  • Манас айылы, май куюучу жай (23-чакырым);
  • "Ак-Жол" май куюучу жайы (27-чакырым);
  • "Манас" аэропорту (30-чакырым);
  • Бишкек — Кордай трассасы;
  • Ленин айылы, Алматы көчөсү, 67 (11,5-чакырым);
  • Ленин айылы, Алматы көчөсү, №385 үйдүн жаны (15,5-чакырым);
  • Ленин айылы, "Роснефть" май куюучу жайы (17-чакырым);

Бишкек — Нарын — Торугарт трассасы:

  • Токмок шаары, "Нуржамал" кафесинин жаны (59-чакырым);
  • Токмоктогу айланма жол (60-чакырым);
  • Сайлык айылы, "Толго" дүкөнүнүн каршысы (68,8-чакырым);
  • Искра айылы, Биянху көчөсү, №107 үйдүн каршысында (73-чакырым);
  • Чым-Коргон айылы, Казакбаев көчөсү, №137 үйдүн жанында (78-чакырым);
  • Жаңы-Алыш айылы, Орловка шаарына бурулган жер (95-чакырым);
  • Кемин шаары, Совет жана Кара-Көл көчөлөрүнүн кесилишкен жери (102-чакырым);
  • Алга айылына бурулган жер (18-чакырым).

Глава отдела центра мониторинга обеспечения информации Токомбай Исаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исаев: Бишкектин камера коюлган көчөлөрүндө кырсык 50 пайызга азайды
Жогорудагы көзөмөл аппараттары "Коопсуз шаар" долбоорунун 1-этабынын алкагында коюлду. Маалыматта алардын саны Бишкек калаасында 42, Чүй облусундагы трассаларда 48, ал эми көчүп жүрүүчү программалык 20 аппарат боло турганы айтылган.

Долбоордун 2-этабында 306 камераны ишке киргизүү каралып жатат. Анын 40ы көчмө камера болсо, калганы унаалар ылдам жүргөн жерлерге жана калк жашаган аймактарга орнотулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0