Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр

© Фото / Нурдан ЭсенбековУчастник этнофестиваля Camel Fest Инамидин Бектемиров
Участник этнофестиваля Camel Fest Инамидин Бектемиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын шыңга бою, алптыгы ар дайым көргөн-уккан жанды суктандырып, таң калтырып келет. Кыргызстан дагы мындай адамдардан уучу кур эмес. Аймактардан издештире келсе, четтен чыгары анык.

Алардын арасында аз да болсо маданий иш-чараларга, оюн-зоокторго жана спортко аралашып, элдин көзүнө урунуп калгандары бар. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги коомчулукка таанымал узун бойлуу адамдарды тизмектеди.

Сергей Ильин — 2,25 метр

© Фото / предоставлено Сергеем ИльинымСергей Ильин — Кыргызстандагы эң узун кишилердин бири. Бою 2,25 метр. Жанында КВНчи Марат Жуманалиев.
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Сергей Ильин — Кыргызстандагы эң узун кишилердин бири. Бою 2,25 метр. Жанында КВНчи Марат Жуманалиев.

Сергей Ильин - Кыргызстандагы эң узун кишилердин бири. Анын жанында баскетбол командасында ойногондор да эргежээл көрүнөт. Ильиндин бою 2,25 метр. Ал редакцияга берген маегинде кичинекей чагында бойдун өсүшүн көзөмөлдөгөн бези (гипофиз) шишип кеткенин, аны операция жасаткандан кийин бою токтогонун айтып берген. Учурда ал баскетбол тармагында иштеп келет.

Роман Шилов — 2,13 метр

© Фото / предоставлено Романом ШиловымВолейболчу Роман Шиловдун бою 2,13 метрге жетет
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Волейболчу Роман Шиловдун бою 2,13 метрге жетет

Волейболчулардын бою узун болушу шарт эмеспи. Ал эми Романдын бою 213 сантиметрге жетип, эң узун оюнчулардын катарын толуктап келет. Салмагы 102 килограмм.

Шилов волейбол боюнча улуттук курама команда менен Аймактык Азия оюндарынын алтын, күмүш, коло байгесине ээ болгон. Air Force командасы менен Таиланд лигасынын чемпиону жана Таиланддын Супер лигасынын күмүш медаль ээси аталган. Хабаровскидеги эл аралык турнирдин чемпиону.

Марат Жуманалиев — 2,12 метр

© Sputnik / Табылды КадырбековКВН долбоорунун жылдызы Марат Жуманалиевдин бою 2 метр 12 сантиметр
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
КВН долбоорунун жылдызы Марат Жуманалиевдин бою 2 метр 12 сантиметр

КВН долбоорунун жылдызы Марат Жуманалиев көрүүчүлөргө турпаты менен да таанымал. Маектерде бою 2 метр 12 сантиметр экендигин айтып келет. Жуманалиев убагында бокс жана баскетбол боюнча өлкө чемпиону болгон. Кезинде Николай Валуев менен да спарринг-өнөктөш болгонун айткан.

Тилектеш Үсөнакунов — 2,05 метр

© Фото / Нурдан ЭсенбековТилектеш Үсөнакуновдуy бою 2,05 метр, салмагы 130 килограмм
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Тилектеш Үсөнакуновдуy бою 2,05 метр, салмагы 130 килограмм

Тилектеш Үсөнакунов Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында туулган. Бою 2,05 метр, салмагы 130 килограмм. Буга чейин Үсөнакунов Сауд Аравиядагы Camel Fest этнофестивалына катышып, келген конокторду таң калтырганы тууралуу жазганбыз

Азамат Жумабеков — 2,07 метр

© Фото / Арген ТокеновВолейболчу Азамат Жумабеков волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү. Бою 2,07 метр, салмагы 95 килограмм.
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Волейболчу Азамат Жумабеков волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү. Бою 2,07 метр, салмагы 95 килограмм.

Азамат Жумабеков волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү. Бою 2,07 метр, салмагы 95 килограмм. Аймактык Азия чемпионатынын эки жолку чемпиону, спорт чеберине талапкер, "Улар" волейболдук клубунун оюнчусу.

Инамидин Бектемиров — 2 метр

© Фото / Нурдан ЭсенбековИнамидин Бектемировдун бою 2 метр, салмагы 127 килограмм
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Инамидин Бектемировдун бою 2 метр, салмагы 127 килограмм

Инамидин Бектемиров Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында туулган. Бою туура 2 метр, салмагы 127 килограмм. Бул мырза дагы Сауд Аравияга барганда жергиликтүүлөрдү таң калтырган жайы бар. Ал жакка барган кыргыздын тогуз алп жигити оюн-зоокко катышып, баатырлардын жана хандын желдеттеринин образын жаратышкан.

Тилек Жээнбеков — 1,97 метр

© Фото / Сейтек ТолтоевТилек Жээнбеков алп мушкерлердин бири. Бою 197 сантиметр, салмагы 115 килограммдан жогору.
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Тилек Жээнбеков алп мушкерлердин бири. Бою 197 сантиметр, салмагы 115 килограммдан жогору.

Тилек Жээнбеков алп мушкерлердин бири. Бою 197 сантиметр, салмагы 115 килограммдан жогору. Жээнбеков WEF Global уюмунун чемпиону. Панкратион боюнча Евразия чемпиону, универсалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси. Күжүрмөн самбо, грэпплинг, оксуз кармашуу (рукопашный бой — ред.) боюнча Кыргызстандын чемпиону.

Чолпон Сатыкеева — 1,93 метр

Чолпон Сатыкеева 22 жашта, анын бою 193 сантиметрге жетсе, салмагы 80 килограмм. Ал атасы тарабында да, энеси тарабында да бою узун адамдар көп экенин айтып берген. Чолпон Сауд Аравиядагы Camel Fest этнофестивалына барган кыздардын бири.

Элвира Нелина — 1,91 метр

© Фото / Нелин ВиталийЭлвира Нелина эң шыңга бойлуу волейболчу. Бою 191 сантиметр, салмагы 85 килограмм.
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Элвира Нелина эң шыңга бойлуу волейболчу. Бою 191 сантиметр, салмагы 85 килограмм.

Элвира Нелина волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү. Ал кыздар арасындагы эң шыңга бойлуу оюнчу. Бою 191 сантиметр, салмагы 85 килограмм. Волейбол боюнча спорт чеберине талапкер, 2012-жылдын мыкты оюнчусу. "Салам-Алик" клубунун курамында ойногон. Учурда спортко азыраак убакыт бөлөт.

Элзада Абдыжапарова — 1,91 метр

© Фото / Нурдан ЭсенбековЭлзада Абдыжапарованын (сүрөттө оң жакта) бою 191 сантиметр, салмагы 73 килограмм.
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Элзада Абдыжапарованын (сүрөттө оң жакта) бою 191 сантиметр, салмагы 73 килограмм.

Элзада Абдыжапарованын бою 191 сантиметр, салмагы 73 килограмм. Учурда 27 жашта, бир кыздын энеси. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Ал Сауд Аравиядагы Camel Fest этнофестивалында Бугу эненин элеси түшкөн форманы кийип жүргөн.

Аскат Осмонов — 1,89 метр

© Фото / организация конкурсов красоты Face of AsiaМодель Аскат Осмоновдун бою 189 сантиметрди түзөт.
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Модель Аскат Осмоновдун бою 189 сантиметрди түзөт.

Моделдер шыңга бойлуу болушу керек деген биринчи талап эмеспи. Аскат Осмонов узун бойлуу мырзалардын бири. Аны бою 189 сантиметрди түзөт. 19 жаштагы Аскат былтыр мырзалар арасында өткөн Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan — 2018 сынагын уткан. Ошол эле жылы Кореяда өткөн Face of Asia — 2018 сулуулар сынагына катышып, профессионалдуу 15 моделдин катарын толуктаган

Арсланбек Малиев — 1,89 метр

© Фото / Айтбек ОрозбековСаясатчы Арсланбек Малиевдин бою 189 сантиметр
Кыргызстандын алп жигиттери менен шыңга бой кыздары. Таң калтырган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Саясатчы Арсланбек Малиевдин бою 189 сантиметр

Узун бойлуу саясатчылардын бири деп Арсланбек Малиевди айтса туура болсо керек. Анын бою 189 сантиметрди түзөт. Малиев КР Жогорку Кеңешинин I, II жана III чакырылыштарынын депутаты. 2017-жылы президенттикке талапкер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0