Денеге чапташкан шым аялга зыян келтирет. Адистер себебин айтты

© AFP / Rodrigo Varela / Getty Images for MaajiМода Paraiso в в Майами-Бич
Мода Paraiso в в Майами-Бич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер денени кысып кармап турган шымдар жыныстык органдарда жана анын тегерегинде кан айланууга тоскоол болорун эскертишет.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Денеге чапташкан шымды көп кийген аялдар гинекологиялык-инфекциялык ооруларга көп чалдыгат. Мындай бүтүмгө Бостон университетинин (АКШ) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Ал үчүн адистер 18ден 40 жашка чейинки 434 кыз-келинди иликтеп көрүшкөн.

"Жумасына төрт күндөн ашык жинсы же ошол сыяктуу дегене чапталып, тыкан кармап турган шым кийген кыз-келиндердин 74 пайызы молочница жана бактериялык вагиноз илдеттери менен көбүрөөк жабыркайт", — деп айтылат макалада.

Ошондой эле дарыгерлер денени кысып кармап турган шымдар жыныстык органдарда жана анын тегерегинде кан айланууга тоскоол болорун эскертишет. Ал эми кан айлануунун начарлашы башка толгон-токой ооруларды жаратары белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0