Акча. Архивдик сүрөт

10 тыйындык кагаз акча 54 миң эсеге кымбат сатылууда. Себеби

4003
(жаңыланган 09:39 13.05.2019)
Банкнота 26 жыл мурун басылып чыккан, бирок жогору бааланышынын себеби бул эмес.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Россиянын "Мешок" интернет-аукционунда Кыргызстандын 10 тыйындык купюрасы сатыкка чыкты.

Акча 1993-жылы басылып чыккан. Баштапкы баасы — 5000 рубль (5 400 сом).

Банкнотанын мынчалык кымбат наркы анын алмаштыруучу сериядан экени менен байланыштуу. Башкача айтканда, бул купюраны жарактан чыккан банкноталарды алмаштыруу үчүн атайын чыгарышкан. Мындан улам алардын катар номери да башка. Акчанын нускасы чектелүү болгондуктан нумизматтар тарабынан жогору бааланып келет.

4003
Белгилер:
сом, тыйын, аукцион, акча