Кадыр түн качан болору айтылды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКадыр тун (Ночь предопределения) в Оше
Кадыр тун (Ночь предопределения) в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозонун 27-түнү 31-майга туура келет.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Быйыл Кадыр түн болжол менен 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Представитель отдела фатвы ДУМК Бактияр Токтогазы уулу - Sputnik Кыргызстан
Радио
Токтогазы уулу: Кадыр түндү шаан-шөкөт менен өткөрүү туура эмес
Эреже боюнча Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өтөт. Быйыл бул убакыт 31-майдан 1-июнга караган маалга туура келет. Муфтияттан майдын аягында аталган дата тактала турганын кошумчалашты.

Былтыр Кадыр түн 11-июндан 12-июнга караган түнгө туура келген.

2019-жылдын Орозо календарын: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалын бул жерден көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0