Депутаттар жакырчылыкты жаңгактын эсебинен жоюуну сунушташты. Долбоор

© Sputnik / Наталья Айирян / Медиабанкка өтүүГрек жаңгагы. Архив
Грек жаңгагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү жумушчу орундарын көбөйтүп, экспорттун көлөмүн жогорулатууга ниеттенип жатышат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу максатында грек жаңгагынын плантацияларын түзүүнү сунуштап жатышат.

Мыйзам долбоору ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар Мирлан Бакиров, Бакыт Төрөбаев, Асылбек Жээнбеков, Айтмамат Назаров, Абылкайыр Узакбаев, Рада Түмөнбаева, Алмаз Эргешов, Таалайбек Масабиров жана Айбек Алтынбеков тарабынан демилгеленди.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, жаңгак плантациялары сапаттуу түшүм алуу, жергиликтүү рынокту жаңгак менен жабдып, экспортко даярдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, элдин жашоо деңгээлин көтөрүү жана жаңгак токоюн сактап калуу үчүн керек.

Эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Кыргызстан өзүн эт менен камсыздай албайт, бирок сыртка эт сатат
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде жаңгак токойлору ушу тапта Жалал-Абад менен Ош облусунда гана бар экени айтылат.

Депутаттар дүйнөлүк рыноктун табигый азык-түлүккө, анын ичинде жаңгакка да суроо-талабы күч экенин белгилешти. Жаңгак токоюн кеңейтүү кошумча жумушчу орун түзүп, жакырчылыкты кыскартууга шарт түзмөкчү.

Эл өкүлөрү жергиликтүү бийлик жаңгак плантацияларын өнүктүрүүгө анча көңүл бурбай жатканына басым жасашууда. Мында бардык технологиялар колдонулушу керек деген пикир айтылды.

Демилгенин иш жүзүнө ашуусуна Улуттук илимдер академиясынын институту жардам бериши шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0