Бишкекте кортеждердин өтүшү үчүн жол жабылабы? Ведомствонун жообу

Жазылуу
Кыргызстанга бир катар өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчылары келди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада негизи жолдор мезгил-мезгили менен жабылып турат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Ведомстводон утурумдук ыңгайсыздыктарга элди түшүнүү менен кароого чакырышты. Анткен менен жол кыймылын көзөмөлдөгөн башкармалык делегация кайдан өтөрүн жана кайсы көчөлөр жабыларын ачыктаган жок.

Мунун себеби Бишкек шаарында 13-15-майда боло турган Шанхай кызматташуу уюмунун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусу экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0