Акча каражаттары. Архив

"КТ Мобайл" мамлекеттик компаниясындагылар канча айлык алат? Расмий жооп

429
(жаңыланган 11:54 14.05.2019)
Социалдык тармактарда "КТ-Мобайл" мамлекеттик компаниясынын башкы директору 350 миң сом, орун басары 300 миң, ал эми техникалык директору 290 миң сом алары боюнча маалымат тараган болчу.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "КТ Мобайл" мамлекеттик компаниясындагы эң жогорку айлык 157 миң сомду түзөт. Бул тууралуу компаниянын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу маалымат жыйында айтты.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун туунду компаниясы, "КТ Мобайл", 2003-жылы түзүлгөн. Анын уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү боюнча лицензиясы бар. Социалдык тармактарда компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетов айына 350 миң сом, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң жана техникалык директору Николай Дмитриенко 290 миң сом ала турганы боюнча маалымат тараган. Тизмеге караганда айрым кызматкерлер 85 миң сомдон 170 миң сомго чейин маяна алары белгиленген.

"Асмандаган айлык тууралуу маалыматтарды окуп алып күлдүк. Азыр биздеги эң жогорку айлык 157 миң сомду, эң төмөнкү айлык 18 миң сомду түзөт. Орточо айлык акы 35-40 миң сом. Коммуникация рыногунда атаандаштык күч. Аз айлыкка эч ким белбейт. Биз ишти жаңы баштап жаткандыктан башка уюлдук операторлорго салыштырмалуу аз алабыз", — деди Иманкадыр уулу.

Ал ошондой эле учурда жамаатта болгону 27 киши иштей турганын, алардын көбү долбоорго кызыгып, башка компаниялардан келгенин кошумчалады.

Эрназар Иманкадыр уулу корпоративдик этика деген шылтоо менен өзүнүн айлыгы канча экенин жана компанияда иштегендердин ичинен ким 157 миң сом алары тууралуу суроого жооп берген жок.

429
Белгилер:
маяна, айлык-акы, Кыргызтелеком, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектин Кайгуул милициясына кантип жумушка орношсо болот? Талаптар
Кажы-Сайда уранда иштегендер айлык ала албай убара. Чоо-жайы
Тоолуу Маевка айылына жакын унаа жолу

Шейшембиге карата аба ырайы

21
(жаңыланган 21:11 06.07.2020)
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июль, шейшемби күнү, өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.

Абанын температурасы Чүйдө+28…+33, Таласта +26…+31, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +22…+27 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +30…+32, Ош калаасында +33…+35 градуска дейре көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +23…+25 градуска чейин жетет.

21
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Почтада посылкалар. Архив

Бишкекте почта түйүндөрү бир жума иштебейт

58
(жаңыланган 20:03 06.07.2020)
Бишкек шаарындагы почталар 13-июлдан тарта иштеп баштайт. Ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын Бишкектеги бөлүмдөрү калаада вирустук инфекцияны жайылтып жиберүүнүн алдын алуу максатында 7-13-июль күндөрү профилактика иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Абалдын кескин курчуп кетишинен улам аталган ишкананын филиалы болгон "Бишкек почтамт" бир апта бою өз бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт", —  деп айтылат таратылган кабарда.

Каттоо кызматынын Архив агенттиги карантинге жабылды

Ал эми 13-июлдан тарта Бишкек шаарындагы почталар иштеп, ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы почта түйүндөрүндө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:

  • Почта бөлүмүнүн имаратынын ичине аз сандагы кишилер кириши керек жана 1,5 метр бири-биринен обочо турушу шарт. Калгандары коопсуздук үчүн көчөдө күтүп турат;
  • Бөлүмдө жана анын жанында жарандар 1,5 метрлик аралыкты сактап турушу керек;
  • Почтага кирер алдында бет кап кийгенди унутпагыла. Эгерде ансыз келсеңиз, ичине кире албайсыз;
  • "Кыргыз почтасы" ишканасы азыркы абалдан улам бардык түйүндөрүндө келгендерге ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүп бергенге аракет кылат.
58
Белгилер:
почта, коронавирус, эпидемия, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси