Эрешен, от май, мартуу, каркыт... Кепти байыткан бөтөнчө сөздөрдүн тизмеги

Жазылуу
Мезгил жылдарга алмашкан сайын сөздөр "карып", баалуулугу артып баштайт. Заманбап жашоодо бул сөздөрдү колдонуп эле жүрөбүз, бирок айтылышы башкачараак болушу ыктымал же колдонуудан чыгып калган.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында архаизм сөздөрдү тизмектөөнү эп көрдүк. Материалдар "Манас энциклопедиясы" (1995-жыл) китебинен алынды. Өткөн чыгарылыштарда эпостогу сөздөрдүн биринчи бөлүгүн бергенбиз.

Каркыт — көөкөр сыяктанып төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же дат баспаган металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Көчмөн эл кымыз, айрандан тартылган арак жана башка суюктук куюш үчүн пайдаланган;

Кашка — уруу башкаруучу же уруудан, жоокерлердин арасынан чыккан мыкты жетекчи, билгич адам;

Жети-Өгүз капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ава, тепек, бадоот... Ысык-Көлгө барганда жергиликтүүдөй сүйлөшүңүз
Кеперет (арабча акталуу, төлөп кутулуу) — ислам дининин шарты боюнча орозо кармабай калгандыгы үчүн, ошондой эле башка күнөөлөрдөн арылуу өтөлгөсүн берүү;

Майкана — кагылган добуш аркылуу кабар берүүчү чоң коңгуроонун асылып турган жайы;

Мөөсүл — эпос боюнча олжого түшкөн мал, буюмдан тие турган энчи, соогат;

Олпок — ичине кебез, жүн салынып шырылган ок өтпөс сырт кийим. Баатырлар аны негизинен жоого кийишкен;

От май — башка бирөөнүн жайытына малын оттотуп, бакканы үчүн акы төлөө;

Отор башы — койду, айрыкча жылкыны кышында жылуу, оттуу жерге айдап барып баккан малчылардын башчысы. Малды мындай багуу адатта оторлотуу делет. Кээде бир короо кой, үйүр жылкы да отор деп аталат. Эпосто да ушул мааниде жолугат;

Саадак — жаанын жебесин салуучу кабы, ошондой эле эпосто жаа маанисинде айтылат;

Себил — курал-жарак, ок өтпөс жоо кийимдин жалпы аталышы;

Тинте, ак тинте — бычактын бир түрү. "Манас" эпосунда канжар, шамшардын аталышы;

Торбо, дорбо — баштык, жем баштык. Байыркы убактарда кийик, теке, эчки жана башкалардын терисинен иштелип жасалган. Көбүнчө согулган таардан жасалган;

Эр эңиш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улакка ат алып, ага ысым таппай жатасызбы? "Манастагы" тулпарлар. III бөлүк
Торсук — кол чанач. Кымыз жана башкалар суусундук куюп жүрүү үчүн эчкинин же кийиктин терисинен иштетилип жасалган чанач;

Туулга — жоокердин кылыч, ок жана башка куралдардан коргонуу үчүн кийген баш кийими;

Чексе — дары оролгон кагаз, орооч кагаз, дары салгыч, дары салынуучу баштыкча. "Манаста" эпостун каармандары ууга чыкканда жана согуш учурунда атылма куралдарды атууда колдонулуучу тез тутангыч дары заттарын салып жүргөн баштык маанисинде колдонулат;

Эрешен — эр жетүү, бой тартуу, өспүрүм курак. Эпосто көбүнчө эр жетүү маанисинде жолугат. Мисалы, "Эрешен тартып эр болду, эр уулу менен тең болду" деген саптар жыш учурайт;

Мартуу (арабча коркуп калтыроо) — эски диний ишеним. Төрөп жаткан аялдын эси ооп калганда (эстен тануу, эсин жоготуу) кара (же албарсты) басты деп түшүнүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0