Инспектор айдоочудан 200 сом пара алып жатабы? Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековРейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке
Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео YouTube каналына чыккан.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жол инспекторунун айдоочудан 200 сом пара алып жаткан учуру видеого түшүп калган. Анда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринин формасын кийген кишинин айдоочу менен урушуп жатканы көрүнүп турат.

Дал ушул учурда ары жактан башка киши келип, кагаз сунган. Видеону жайлатып көргөн учурда кагаздын 200 сомдук купюрага окшош экени байкалат.

Роликти тарткан кишинин айтымында, окуя 15-майда болжол менен саат 9.00дө Бишкектеги Урицкий менен Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Инспектор 08KG 207 AEC мамлекеттик номери тагылган Daewoo Nexia унаасы менен кызмат өтөп жаткан. Жолдон токтоткон айдоочуларды да ушул унаага чакырып сүйлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0