Кытайда соттолгон кыргызстандыктар мекенине кайтарылды

© AFP / MARK WILSONКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча Кыргызстанга эки жаран алып келинди, жакын арада үчүнчүсү да келмекчи.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кытайда соттолгон эки кыргызстандык жаран мекенине кайтарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Кытайдын түрмөлөрүндө узакка созулган жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Эки кыргызстандык 14-майда КРдин Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөн, эми алар жазасын өз мекенинде өтөмөкчү. Аракет эки өлкөнүн ортосундагы соттолгон жарандарды өткөрүп берүү боюнча келишимдин негизинде ишке ашты.

Эми дагы бир кыргызстандыктын кайтарылары күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0