Акын, жазуучу, драматург Аалы Токомбаев. Архив

Үмүт ач көз, тойгон эмес, көрбөгөндү көксөтөт! Аалы Токомбаевдин кеп казынасы

373
(жаңыланган 15:31 15.05.2019)
Таалайгүл Усенбаева
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын, жазуучу, драматург Аалы Токомбаевдин накыл кептерин сунуштайбыз.

Аалы Токомбаев (Балка) 1904-жылы Чүй өрөөнүндөгү Кемин районуна караштуу Кайыңды айылында туулган. Расмий документтерде туулган күнү 7-ноябрь деп аталып жүрөт. Аалынын энеси Уулбала сөзмөр, элдик оозеки чыгармаларды, уламыш-жомокторду, кошок-армандарды өтө жакшы айта билген аял болгон. Аалынын адабиятка болгон шыгы дал ошол энесинин айтып берген тγркγн жомок-ырларынын таасири менен калыптанган.

1916-жылы Үркүндө жазуучу да γй-бγлөсγ менен Кытай жерине качып барган. Ал жактагы азган-тозгон элдин көбү ачкачылыктан, жайылып кеткен келте оорусунан кырыла жаздап, Аалы Токомбаевдин да беш бир тууганы каза болгон.

Писатели Чынгыз Айтматов и Аалы Токомбаев с поэтом Маликовым
Александр Федоров
Писатели Чынгыз Айтматов, Аалы Токомбаев

Акын 1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынып, 1923–1927-жылдары Ленин атындагы Орто Азиялык Коммунисттик университетте окуйт. Андан кийин Чγй эл агартуу бөлγмγнγн башчысы, 1929-жылга чейин кыргыздын алгачкы басылмаларынын бири "Кызыл Кыргызстан" гезитинин редактору, 1930–1931-жылдары Москвадагы Борбордук басманын кыргызча секторунун редактору, андан кийин Кыргызмамбастын башкы редактору болуп эмгектенген.

1934–1949-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгына төрагалык кылып, бир эле мезгилде "Советтик Кыргызстан" журналынын башкы редактору болгон. Кыргызстандын басмасынын тарыхындагы алгачкы "Эркин-Too" гезитинин 1924-жылы 7-ноябрда чыккан биринчи санына акындын "Октябрдын келген кези" деген ыры басылып чыгат.

Аалы Токтомбаев өзүнүн алгачкы чыгармаларынан тартып эле Чалкар, Балка деген каймана аттарды колдонгону маалым.

Аалы Токомбаевдин накыл кептери

Жардамга?! –
Ким болсо да колуңду сун!
Алактап айла кетип турган чакта.
Андан соң андан ыйык эчтеме жок,
Биринчи милдет ушул адамзатка.

* * *

Мен каалап келбегемин
Эрким жоктон,
Дүйнөгө ыйлап келгем, ыйлап кетем.
Келген соң кең дүйнөгө уктап кетпей,
Өмүрдү өлгөнүмчө ырдап кетем.
Гагарин өзү баштап таппай койду
Дозок жок —
бейиши жер,
жыргап кетем.

* * *

Биздин жер чиркейлердин жумурткасы,
Ааламга кыял менен салыштырсак.
Бул аалам кайдан бүткөн?
Табылабы?
Акылды чагылгандай кагыштырсак!

Кыргызский писатель, поет Улан Токомбаев
© Sputnik / Александр Федоров
Кыргызский писатель, поет Улан Токомбаев

* * *

Жер, суулар, өсүмдүктөр, макулуктар!
Мен дагы өзүңөрдөй табигатмын.
Баарыңар жандуу, жансыз тулкусуңар,
Мен гана мээси болом, табигаттын.

* * *

Үмүтү үйдөн эмес, элден эле
Агыткан алда канча соргок алкын.
Параны, уурдаганын тана берсе,
Достору мактаар эле анын салтын.
Ал анан кете берди күндөн түнгө,
Ээледи эки метр жердин чаркын.
Алганы "а дүйнөгө" табыт кепин,
Тил келсе сурайт эле анын наркын.
Кымбаттар сандыгында кала берди,
Жектелип желип жүрүп тапкан алтын.
Тапканы жерден эмес, желден эле
Үйрөткөн ушундайча кулкун-алкын.

* * *

Кыял — укмуш телескоп,
Көз жетпеген алыстыкты көрсөтөт.
Үмүт — ач көз, тойгон эмес,
Көрбөгөндү, татпаганды көксөтөт.

***

Сен – эр жоокер, мен – командир өзүңө,
Качан болсо келип кетет элесиң.
Шер деп баккам, түшүндүңбү сөзүмө,
Ким уялтат шер жараткан энесин!
Сен тыңшасаң менин карган үнүмдү,
Эрдик менен бактылуу кыл журтуңду.
Сен сагынсаң тууган жерди, үйүңдү –
Жоону кыйрат, жоого көрсөт курчуңду.

***

Мени көздөп канча шашса карылык,
Мен эмгекке андан бетер шашамын.
Ал карылык уурдаганча камынып,
Таалайымдын далай жолун басамын.

373
Белгилер:
жазуучу, акын, кеп казына, Аалы Токомбаев
Тема боюнча
Өлгөндөн кийин бекерсиң! Коргоол Досу уулунун кеп казынасы
Катын кылса базарды, бала баккан эр жаман! Молдо Багыштын кеп казынасы