Токмокто наристеге коопсуздук курун такпай бараткан милиционерге чара көрүлдү

Жазылуу
Милиционерге карата Эреже бузуу жөнүндөгү кодекстин 123-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Унаанын алдына наристени отургузуп, ага коопсуздук курун такпай бараткан милиционер үч миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Буга чейин Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаада милициянын формасын кийген киши наристеге коопсуздук курун такпай айдап бараткан видеосу жарыяланган.

"Сайттарга жарыяланган видео изилденип, айдоочу 1987-жылкы М.М. аттуу милициянын старшинасы экени аныкталды. Ал Чүй облусуна караштуу Чүй райондук коомдук коопсуздук кызматында эмгектенет", — деп айтылат маалыматта.

Милиционерге карата Эреже бузуу жөнүндөгү кодекстин 123-беренеси боюнча протокол түзүлүп, үч миң сом айып салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0