Бүгүн, 15-майда, Абай көчөсү жол кыймылы үчүн ачылды

Бишкектеги Абай көчөсү ремонттон кийин ачылды. Сүрөттөр

169
(жаңыланган 18:47 15.05.2019)
Абай көчөсү жолдорду оңдоо долбоорунун алкагында ремонттолуп, жаңыланды.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бүгүн, 15-майда, Абай көчөсү жол кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

  • Улица Абая в Бишкеке после ремонта
    Бүгүн, 15-майда, Абай көчөсү жол кыймылы үчүн ачылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Улица Абая в Бишкеке после ремонта
    Аталган көчөнүн ремонту 25-мартта башталган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Улица Абая в Бишкеке после ремонта
    Муниципалитеттен оңдоо иштери убактысынан эрте бүткөнүн кошумчалашты.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бүгүн, 15-майда, Абай көчөсү жол кыймылы үчүн ачылды

Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн ремонту 25-мартта башталган. Муниципалитеттен оңдоо иштери убактысынан эрте бүткөнүн кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Абай көчөсү жолдорду оңдоо долбоорунун алкагында ремонттолуп, жаңыланды.

Жалпы жонунан долбоордун негизинде 38 чакырымдык 23 көчө оңдолмокчу. Анын 18инде иштер аяктады. Ушу тапта Алтымышев, Репин жана Нуркамал көчөлөрүндө ремонт иштери жүрүүдө.

169
Белгилер:
ремонт, көчө, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте өзгөчө отургучтар пайда болду. Сүрөт