Токмокто баласына дары алам деп камалган ата. Өкүм чыгарган сот тууралуу факты

© AFP / ROD LAMKEYСот. Архив
Сот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курткасын күрөөгө коюп дары алмакчы болгон атаны 5 жылга кесип жиберген судья Токмок шаардык сотунун төрагасы Асанбек Тойгонбаев экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Дарыкананы карактап, 25 миң сом алып чыгып кетти делген 33 жаштагы кишиге Токмок шаардык сотунун чыгарган өкүмү коомчулуктун сынына кабылды.

Дарыкана жетекчисинин айтымында, кечинде келген эркек киши баласы ооруп жатканын айтып, эмне дары керектигин сураган. Андан кийин акчасы жок экенин, мындан улам кийип жүргөн курткасын күрөөгө коюп дары алууну өтүнгөн. Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип, кассадагы 25 миң сомду алган. Ары жактан чуркап келген сатуучуну түртүп жиберип качып кеткен.

Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Райым Матраимовдун датын карай турган Алмаз Калыбаев ким? Судьянын чуулуу өкүмдөрү
Бирок кийинчерээк ал жасаган ишин моюндап, милицияга өзү барган. Келтирген чыгымды да төлөп берген. Жабырлануучулар кечирип, аны жазалабоону суранган. Бирок ага карабай сот балдардын атасын 5 жылга эркинен ажыратып, 70 миң сомдук айыпка жыкты. Өкүм Токмок шаардык сотунда 14-май күнү чыгарылган.

Муну уккан коомчулук балдардын атасына оор жаза берилди деп өкүм чыгарган сотту катуу сынга алды. Чоң кылмыш жасагандар жазадан кутулуп кетип жатканын мисал келтиргендер да болду. Ушул сыяктуу пикирлерди социалдык тармактардан да кезиктирүүгө болот. Алтын Капалова аттуу колдонуучу "Бул эмне деген соттук система?", "Соттун ким экенин билгим келип жатат?" деп таң калуу менен жазган.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги өкүм чыгарган сот тууралуу маалымат топтоду.

Өкүм чыгарган судья ким?

Өкүм чыгарган сот Тойгонбаев Асанбек Рафикович экени белгилүү болду. Ал 1970-жылы Каракол шаарында туулган.

2016-жылдын 19-январында президенттин жарлыгы менен Токмок шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалган. Бул кызматка 5 жылдык мөөнөт менен иштейт. Тойгонбаев Токмок шаардык сотуна барганга чейин Чүй райондук сотунда эмгектенген.

Жасаган иштери

Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үчөөлөп эки уланды бычактап, көчөгө таштап кетишкен. Соттук өкүм
Жогорку Соттун Сот актылары жана отурумдары боюнча жарыяланган маалыматка ылайык, Асанбек Тойгонбаев 2014-жылдан ушул күнгө чейин ар кандай маанидеги 909 ишти караган.

Мындан сырткары, быйыл январдан тарта колдонула баштаган жаңы кодекстерди иштеп чыгуу процессине катышкан. Ал Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук практиканын материалдарын иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун курамында да болгон.

Салыштыруу иретинде...

Асанбек Тойгонбаевдин 2019-жылдын январынан бери дарыканадагы окуя сыяктуу чыгарган өкүмдөрүн да карап чыктык.

Быйыл, 15-апрелде, ушундай эле бир окуя болгон. Токмок шаарында күндүз эле Т.Ф. аттуу 24 жаштагы эркек киши үч унаанын терезесин талкалап, салондон акча, телефон салынган сумкаларды уурдап кеткен. Муну менен ал 23 160 сомдук материалдык зыян келтирген. Бирок сот иштери башталганда үч жабырлануучу тең айыпкер менен элдешкенин айтып, тосмо арыз жазган. Ал жабырлануучулардын чыгымын төлөп берген.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Айбек Эрнис уулу - Sputnik Кыргызстан
Текебаевди соттогон Айбек Эрнис уулу тууралуу 8 факты
Муну негиз кылып сот Асанбек Тойгонбаев өндүрүштүк ишти 2-майда токтоткон. Башкача айтканда, чак түштө үч унааны талкалап, уурулук кылган адамды эркинен ажыратып же айып пул төлөөгө милдеттендирген эмес.

Ал эми 6-майда Токмок шаарындагы "У Наргизы" дүкөнүнөн 7613 сомдук товарды уурдап кеткен 17 жаштагы өспүрүмдүн соттук ишин да кароону токтоткон. Буга да тараптардын элдешип алганы негиз болгону жазылат.

Токмок шаарындагы "Күн-түн" деп аталган дүкөнгө 37 жаштагы К.Т. аттуу мас киши кирип, сатуучудан стакандап арак, вино сатууну сураганда баш тарткан. Мындан улам ал сатуучуга жана ичиндеги башка адамдарга тапанча такаган. Коркутуу жолу менен бир вино алып ичип, дүкөнгө 38 сом таштап чыгып кеткен. Сот иши башталганда доогер арызын кайтарып алган. Айыпкер болсо күнөөсүн мойнуна алган. Натыйжада сот аны эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0