Элжиретип... Бишкекте ымыркайлардын чемпионаты өтөт

Жазылуу
Жарышка 7-10 айлык наристелер катыша алат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте салтка айланып калган ымыркайлардын чемпионаты өтө турганын уюштуруучулар билдирди.

Смешное видео — мать не удержала тяжелого ребенка и упала с ним в кроватку - Sputnik Кыргызстан
Чүкөдөй келин баласын көтөрө албай, керебетке кошо кулады. Боорду эзген видео
Иш-чара 18-май күнү саат 16.00дө Bishkek Park соода борборунда болмокчу.

Эрежеге ылайык, жарышка 7-10 айлык бөбөктөр катыша алат. Алар үч мүнөттүн ичинде 10 метрлик аралыкты жөрмөлөп өтүшү керек. Мында ата-энелерге наристелерди алаксытып, чакырып турууга уруксат берилет.

Жеңүүчү кыз жана уул балдардын арасында аныкталып, бир катар номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0