Аэопорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Бойго жете элек кыздарды чет жакка ата-энеси менен чыгаруу талабы коюлууда

493
(жаңыланган 12:10 16.05.2019)
Депутат Россиядагы мекендештер жашы жете элек кыздарды ал жакка ата-энеси менен жиберүүнү суранып жатканын айтты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 18 жашка чыга элек кыздардын чет жакка чыгуусун көзөмөлдөй турган мыйзам кабыл алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү жакында жумушчу сапары менен Россияга барып, ал жактагы мекендештер менен болгон жолугушууда ушундай сунуш түшкөнүнө токтолду.

"Бизге ата-энелер тарабынан жана айрыкча ошол жакта иштеген мекендештер тарабынан көп кайрылуулар болду. 18 жашка чейинки кыздарды же ата-энеси менен чыгарыңыздар, же мыйзам кабыл алыңыздар дешти. Себеби алардын (кыздардын – ред.) тилди, өз укугун билбегени жана ошол жерде өзүн туура эмес алып жүргөндүктөн биздин мамлекет үчүн да, биз үчүн да жаман иштер болуп жатат дейт. Ошол жагын көзөмөлгө алып, биз да коомдук угуу өткөрүп мыйзам долбоорун карайбызбы, аталган маселелерди карап чыксак", — деди Тиллаев.

Депутат ошондой эле Россиядагы элчилик мекендештердин бардыгына кызмат көрсөтүүгө жетишпей жаткандыктан ал жакта иштеп жаткан кыргыздардын коомдоруна расмий статус берүү жагын өкмөттүн карап чыгуусун суранды.

493
Белгилер:
кыздар, миграция, мыйзам, Таабалды Тиллаев, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Ак калпакчан кыргыздар Москвадагы "Өлбөс полкко" катышты. Видео