Колумду көтөргөндөн уялам! Көкөйгө тийген колоңсодон арылуунун жолдору

© Sputnik / Валерий ЛевитинЧуркап бараткан адам. Архив
Чуркап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн жылый баштаганда, бөтөнчө аптап болгондо бирден-бир көйгөй — дене-бойдун тердегени башталат. Ал эми колтуктун тердешинен жагымсыз жыт дагы чыгат. Аны колоңсо деп атап жүрөбүз.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дермокосметолог, эстетикалык медицина адистери коомунун төрайымы Айнура Сагынбаевага кайрылып, колоңсодон арылуунун жолдору тууралуу сураштырып көрдү.

Колоңсо адамды бушайманга салат

Бул көйгөй менен көптөгөн адамды кабыл алып келем. Бейтаптар "ушунчалык тердейм, уялам, тажадым" дешсе, мырзалардын көбү "саламдашкандан, колумду көтөргөндөн тартынам" деп келишет. Колоңсо канчалык бир деңгээлде кишиге чектөөлөрдү коюп коет экен. Адам өзүн ыңгайсыз сезип, кенен жүрө албай калат. Мындан улам дискомфорт, тынчсыздануу, анча-мынча стресс пайда болот.

Жыт териден чыкпайт

Спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркекке аба менен суудай керек тестостерон. Гормон тууралуу эмне билүү керек
Колтуктун тердөөсүнө теридеги майда бездер таасир берет. Ал бездер жайында жана жазында, тагыраагы, ысыкта катуу иштеп баштайт дагы суу чыгарат. Теридеги сууга бактериялар кошулганда жагымсыз жыт пайда болот. Жыт теринин өзүнөн чыгат деген түшүнүк туура эмес. Мындан тышкары, колоңсо нервдик системадан, бруцеллез, бөйрөк оорусу өңдүү илдеттерден, деги эле дене табын көтөргөн дарттардан келип чыгат.

Колоңсо түп-тамыры менен жоголбойт. Муну жугуштуу же тукум кууйт деп дагы айта албайбыз, медицинада так далилденген эмес. Тердин чыгышы нормалдуу көрүнүш. Бирок ал ашыкча чыгып, ага жагымсыз жыттар кошулганда күрөшүү керек.

Арылуунун жөнөкөй жолдору

Учурда колоңсо менен күрөшүүнүн түрдүү ыкмалары бар. Алгач хирургиялык эмес жолуна токтолсок. Колтугу нормалдуу тердегендер дезодаранттар сыяктуу каражаттарды эле колдонсо болот. Анын бир күндүк жана кайсы бир убакытка натыйжа бере турчу түрлөрү бар. Экинчи жолу — ботокс, инъекция. Мында атайын жасалган препараттарды колтукка аттырышат. Процедура 10-15 мүнөт убакытты алат. Ал үч жолу жасалышы керек. Биринчисинде жыт бир аз убакытка азаят, экинчи жолкусунда жети айлык мөөнөткө, андан кийинкисинде бир жарым жылга азаят.

Хирургиялык ыкмалары

Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайсы оору түрмөгө отургузбайт? Илдеттердин тизмеси
Операция жолу аркылуу колтуктагы тер чыгарган майда бездерди алып салабыз. Бул нерсенин жыйынтыгы үч жылга жетиши мүмкүн. Дагы бир жолу — колтуктагы тердеген жердин (жука терини жана безди) бардыгын кесип, алып салышат. Эффект жакшыраак болот, бирок чоң тырык калат. Мындан улам колду көтөрө албай калышат. Аябай тердеген эркектер "айырмасы жок, кесип эле салганыңыз оң" деп айтышат.

Кадыресе нерселерге көңүл бурсак...

Колоңсо менен күрөшүүдө жөнөкөй гигиеналык эрежелерди сактоо керек. Мисалы, күн сайын сууга түшүп, денеңизди таза кармаңыз, терчил болсоңуз, бүгүнкү кийимди эртең кийбеңиз, марганцовка менен колтугуңузду чайкап койсоңуз болот, синтетика кийимдерден көрө пахтадан жасалган кездемеден тигилгендерин кийиңиз. Жеген тамагыңызга көңүл буруңуз, тамактын эфир майлары канга, териге сиңет дагы, ал тер менен чыгат. Баса, колтукту түктөн таза кармоо туура. Түк бактериялардын көбөйүшүн шарттайт. Колоңсо менен күрөшүүдө өзүм билемдикке салып, ар кандай ыкмаларды колдонбоңуз. Адис менен кеңешкениңиз оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0