700 долларга эч ким иштебейт. Кыргызстандык ишкердин Гуанчжоудагы турмушу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ишкер Токтобек Акматов
Кыргызстандык ишкер Токтобек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын ири шаарларынын бири Гуанчжоу дүйнөдөгү эң кымбат калаалардын катарына кирип калды. Ишкер Токтобек Акматов ал жакта 13 жылдан бери жашайт. Анын айтымында, аталган калаада турак жайдын бир чарчы метринин баасы 15 миң долларга чейин жетет.

Токтобек Акматовдун Кытайда да, Кыргызстанда да иш алпарган логистикалык ишканасы бар. Маектешибиз кытай тилин али кеңири тарай электе эле үйрөнүүгө киришкен. Ошентсе да ишкер КЭРде кытай тилин билбей туруп деле күн кечирүүгө болорун айтат.

— Кандайча кытай тилине кызыгып калдыңыз?

— Ош облусунда, айылда өскөм, тарыхчы болгум келчү. Бирок Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин бюджеттик бөлүмүнө өтө албай калдым. Ал эми чыгыш таануу кафедрасына абитуриенттердин саны аз экен, ошол жакта окуп калдым.

Биздин группада болгону беш киши, бирок далалатыбыз күч, умтулган студенттер элек. Баарын тырыша жаттачубуз. Сүйлөшүп, тилибизди көнүктүрүү үчүн кытайларды издечүбүз. Жандарын койчу эмеспиз... 3-курста Оштогу кытай транспорттук ишканасына котормочу болуп орноштум. Башта эч нерсе түшүнгөн жокмун! Үйрөнүү үчүн убакыт керек эле. КЭРге кытайча бир да сөз билбей келип, эки ай өтпөй сүйлөп калышкан кишилерди кезиктирдим.

— Кытайда кытай тилин билбей туруп жашоого болобу?

— Андай тааныштарым арбын. Англис же орус тилин билип деле кайсы бир жерге окутуучу болуп орношууга болот.

Кыргызстандык бир досум бар. Англис тили мыкты, бирок азиялык кебетесинен улам эч бир жерге орношо албай койгон. Кытайлар үчүн тил билүүнүн деңгээлин аныктоо татаал, алар европеид жүзү бар тажрыйбасыз деле бирөө англис тилинде сайрайт деп ойлошот. Дал ушул себептен, славян келбетиндегилер англис тилинде эки ооз сөз араң билгени да бачым эле иш таап алат. Орус тилин үйрөткөндөргө да талап бар.

— Кытайда баары арзан деген пикир бар. Бирок өзүм барганымда Кыргызстандагы баалардан төмөн эмес экенин көрүп таң калдым…

— Ооба, ошондой. Болгону кытайлар аябай арзан дагы, аябай кымбат товарларды да чыгара алат. Ал тургай, "айфондор" да ушул өлкөдө чогултулат.

Гуанчжоу дүйнөнүн эң кымбат шаарларынын бири, болгондо да кыска убакытта ушул деңгээлге чыкты. Мисалга, 13 жыл мурун турак жайдын бир чарчы метри миң долларга жетпесе, ушул тапта баасы 10-15 миң долларды чапчыйт!

— Кытайда кыймылсыз мүлктүн кымбаттыгы жана калктын жыштыгынан улам батирлер өтө чакан куруларын кулагым чалган.

— Жок, жаңы үйлөр батыш стандарттарына ылайык салынууда. Биздин советтик имараттарга караганда алардын батирлери кенен.

— Маяналар боюнча жагдай кандай?

Бизнесвумен Жаркынай Деркембаева - Sputnik Кыргызстан
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек
— Эмгек акы бааларды кубалап жете албаса да улам жогорулатылып келет. Он жыл мурун заводдун жумушчусу 150 доллар (тамак-ашы, жашаганы кошумча берилет) алчу. Азыр мында 700 доллардан төмөн маяна берилген жумушта эч ким иштебейт, бул эң төмөнкү айлык. Гиддер күнүнө орточо 50-100 доллар табышат. Рыноктогу сатуучулар айына 1000 доллардан жогору, андан тышкары, сатыктан 1-3 пайыз алышат. Анан калса, мамлекет иш берүүчүлөрдү эмгек шартын жакшыртууга, кызматкерлерди соцпакет менен камсыздоого милдеттендирет.

— Кытай дүйнөнү арзан өндүрүмдөрү менен багындырды. Бирок өлкөдө эмгек акы өсүп баратса, өндүрүш эми анчалык арзан боло албайт го...

— Дал ушул себептен көптөгөн кытай ишканалары Вьетнам, Камбоджа жана Түштүк-Чыгыш Азиянын башка бир катар өлкөлөрүндө завод, фабрикаларды ачты.

— Чет жакка чыккан кыргызстандыктардын көбү Россияда эмгектенет. Салыштырмалуу Кытайда бир топ эле аз. Эмнеге андай деп ойлойсуз?

— Кесиби жок адамдарга Кытайга бет алып кереги жок. Биринчиден, ишке кирүү үчүн көп документ топтоо зарыл (бул сиздерге бир боор Россия эмес). Экинчиден, ошол эле иш орундарын ээлөөгө ашыккан жергиликтүү тургундар да арбын.

Эгер тажрыйбасы жогору адис, маселен, врач же программист болсоң, башка кеп. Андайларга Кытайда иш табуу оңой. Биздин айрым балдар ал жакта бизнес түптөп, айрыкча, тейлөө чөйрөсүндө жеке иштерин ачууда.

— Билишимче кытайлар жанын сабай иштешет...

— Башта завод жана фабрикаларда жумушчулардын эмгектенгендерин көрүп таң калчумун. Алардын басымдуулугу кыштактарда жашап, эптеп акча табуу үчүн баарына даяр болчу. Адамдар айына бир (!) күн гана дем алып, таңкы 8ден кечки 10го чейин тытына иштешет.

— Четөлкөлүктөрдү кытайлар эч качан өздөрүндөй көрүшпөйт дешет.

— Андай жагы бар. Албетте, сага абдан сылык, сый мамиле кылышат, бирок баары бир... Ошентсе да Кытайда мурдагы СССР өлкөлөрүнүн тургундарын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын да жакшы көрүшөт.

Бирок кыргыз паспорту бар адамдарды чек арада Кытайда гана эмес, башка мамлекеттерде да тыкыр текшеришет. Себеби биздин паспортторду ар кандай кылмышкерлер мыйзамсыз алган учурлар бар, эми мыйзам сыйлаган жарандар ошонун азабын тартууда.

— Кытайлыктар колукту таппаганын көп угабыз. Мурда кыздарга караганда уул төрөлүшүнө артыкчылык берилгенинен улам азыр гендердик тең салмаксыздык күч экени байкалат.

— Андай көйгөй жок эмес, бирок аялдар бир нече эсеге аз деп айтууга болбойт, балким, бир нече пайызга гана аздыр. Ошентсе да кирешеси төмөн балдардын кыз табуусу татаал, анткени кыздар жигиттердин батири барбы же жокпу, ал кандай жасалгаланганына, канча акча табарына карашат...

— Кытайда бизнес ачуу кыйынчылыкка турган жокпу?

Города мира. Доха - Sputnik Кыргызстан
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек
— Адегенде жөн гана кеңсе ижаралап, жарым-жартылай мыйзамдуу шарттарда иштедим. Көп өтпөй мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мен жөнүндө билип, ишмердигиме уруксат алууга жардам беришти.

Кытайда бизнеске жакшы колдоо көрсөтүшөт, текшерүүлөр менен эзе беришпейт. Күнүмдүк турмушта жемкорлук дээрлик жокко эсе, аткаминерлер менен "тил табышуу" мүмкүн эмес. Андан тышкары, пайдалуу байланыштар эч кандай мааниге ээ эмес, баарын жөнгө салып койчу байкелерге үмүт артып болбойт.

— КЭРде бизнес жүргүзүүнүн кандай кылдаттыктары бар?

— Киши ал жакка барып, келишимге кол коюуга аракеттенет. Жергиликтүү ишкерлер менен кезигет. Алар: "Сунушуңуз жакшы, бирок биз ойлонушубуз керек. Келиңиз байланышта бололу, бири-бирибизди жакшыраак тааныйлы", — деп коюшат. Кытайларда бул "жок" дегенди билдирет, бирок чет элдиктер аны түшүнбөй, өнөктөштөр качан ойлонуп бүтөт деп күтө берет.

— Бизде кытай рыногунун дарамети боюнча кеп көп козголот. Анчалык сандагы калк турганда айыл чарба азыктарын болуп көрбөгөндөй көлөмдө сатууга болмок. Бирок статистикага ишенсек, Кытай өлкөсүнө саткан товарыбыз деле жок экен. Эмнеге?

— Кытайда мындай саясат бар: өлкөдөн тышка товар чыгаруу жеңил, ал эми киргизүү татаал. Текшерүү абдан катуу, фитосанитардык көзөмөл, бажыкана, салыкчылар... Мисалы, бал менен иштеген тааныштарым бардык талаптарга ылайыкташтырганча Кытайда көп көйгөйгө кабылышкан.

Соода кылуу үчүн ал жакта көбүрөөк лаборатория куруп, сапаттуу урук, жер семирткич колдонуп, баарын акылга сыярлык деңгээлде аткаруу керек. Бирок Кытай келечеги кең рынок бойдон калууда, жергиликтүү жашоочулар өз саламаттыгына абдан кылдат кам көрө баштады. Бара-бара биздин бал, эт, гилас өңдүү жана башка даамдуу азыктар бул өлкөдөгү текчелерден орун аларына ишенем.

Адилет Кеденовдун баянына да бир көз жүгүртүңүз. Ал Москвада бүтүндөй бизнес империя түптөй алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0